Categories
Жаңылыктар, Кенеш, Мэрия
Кыргыз Республикасынын Президентинин катышуусу менен КР Борбордук шайлоо комиссиясына караштуу коом үчүн маанилүү “Жарандык жана санариптик билим берүү борборлору” долбоору расмий түрдө ишке кирди. Кызыл-Кыя шаардык китепканасында жайгашкан долбоордун ачылышына Кызыл-Кыя шаарынын 1-вице-мэри К.Абдурахманов жана шаарыбыздын мекеме-ишканаларынын жетечилери катышты.
Долбоордун уникалдуулугу аны ишке ашыруу моделинде — мамлекет бүткүл өлкө боюнча жайгашкан жана жабдылган 70 борбордун базасында кызыкдар тараптардын күч-аракетин жана потенциалын бириктирүү үчүн жагымдуу шарттарды түздү, ал эми долбоордун өнөктөштөрү тутумдуу билим берүү жана маалыматтык түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн ресурстарды бириктирди.
Долбоор төмөнкүдөй бир нече негизги багыттардан турат: жарандык билим берүү, санариптик билим берүү, мамлекеттик санариптик кызматтарды көрсөтүүдө калкты колдоого алуу боюнча багыт жана тегерек столдорду, дебат клубдарын өткөрүү, ийгиликтүү эксперттер менен жолугушуулар үчүн жана аялдардын лидерлигин илгерилетүү боюнча коммуникация аянтчасы (коворкинг). Билим берүү жана маалыматтык агартуу иштери ар кандай форматтарда (онлайн, оффлайн, шыктандыруучу жолугушуулар ж.б.) жүргүзүлөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *