Categories
Жаңылыктар, Мэрия
2022-жылдын 9-декабырында №2 Кыргызтандагы 50-жылдыгы атындагы орто мектебинде, №4 А.С.Пушкин атындагы орто мектебинде, №9 У.Гулматов атындагы орто мектебинде жана Караван айылындагы №10 А.Гайдар атындагы орто мектептеринде жаш өспүрүмдөрдун арасында кылмыштуулуктун алдын алуу жана болтурбоо максатында түшүндүрүү иштери болуп өттү. Түшүндүрүү иштеринин жүрүшүндө балдар укук коргоочулардан кылмыштуулукка байланышкан суроолоруна жооп алышты. Белгилей кетсек түшүндүрүү иштери баардык мектептерде өткөрүлүп жатат. Шаардын аймагында балдар катышкан кылмыштуулук жана балдарга карата жасалган зомбулуктун алдын алууга багытталган иш чаралар кучотулот. Анткени кайдыгерликтин арты балдардын тагдырына, келечегине сөзсүз түрдө өз таасирин тийгизээри анык. Балдарга берилген өз учурундагы туура тарбия эртен коом үчүн сөзсүз пайдасын берет.
Аталган иш-чарага Кызыл-Кыя шаарынын мэринин орун басары М.Айтматов, Кызыл-Кыя шаарынын прокурорунун жардамчысы И.Орозалиев, Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлумунун башчысы Д.Матосмонова жана ШИИБнын балдар менен иштөө инспекциясынын инспектору А.Жанназакова катышышты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *