Categories
Жаңылыктар, Мэрия
2022-жылдын 8-сентябрында Кызыл-Кыя шааарында социалдык контракт түзүүгө укук алган аз камсыз болгон жалпы 46 үй-бүлөгө 100 миң сомго сертификаттарды тапшыруу аземи болуп өттү. Иш-чара шаарыбыздын мэри Маткалыков Асилбек Жоробаевичтин жетекчилигинин астында өткөрүлдү
«Социалдык контракттын» негизинде социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө жобонун негизинде комиссия курамы түзүлүп, түзүлгөн бизнес-пландар боюнча комиссиянын чечими менен аз камсыз болгон “үй-бүлөгө көмөк” алуучу үй-бүлөлөр чакан бизнес ачуу үчүн мамлекеттен 100 миң сом кайтарымсыз акча каражатын алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушушту.
«Социалдык контракт» -бул аз камсыз болгон үй-бүлөлөр менен мамлекеттин ортосундагы келишим, ага ылайык аярлуу үй-бүлөлөр каржылык сабаттуулукка үйрөтүүнү, бизнес-планды иштеп чыгууга жардам берет. Ошондой эле, кесиптик же айыл чарба билимин, социалдык кызматтарды жана узак мөөнөттүү бизнести ийгиликтүү жүргүзүү үчүн насаатчылыкты камтыган комплекстүү колдоо пакети менен бирге киреше алып келүүчү иш-аракеттерди баштоо үчүн акчалай грант алышат.
Долбоор жакырчылыктын улуттук чегинен тышкары жашаган үй чарбаларына багытталган, бизнес идеялары, баштапкы активдери жана мал чарбачылыгы, сүт азыктарын сатуу, тигүү кызматтары, күнөсканалар жана башка демилгелер сыяктуу сунушталган иш-чаралар үчүн негизги билимдери барларга берилет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *