Categories
Жаңылыктар, Мэрия
Кызыл-Кыя шаарындагы базар ичинде жайгашкан  ашканалар текшерүүгө алынды. Шаардын вице-мэри М.Айтматов жетектеген комиссия тобу бүгүн эрте менен базар жайындагы коомдук тамактануучу жайлардын абалын текшерип, ведомстволор тарабынан эскертүүлөр берилип, акт түзүлдү. Жергиликтүү бийликтин өкүлү мындан ары күн сайын коомдук тамактануучу жайлардагы санитардык эрежелер көзөмөлгө алынаарын маалымдашты.
Кызыл-Кыя шаарынын вице-мэри М.Айтматов баш болгон экология, архитектура, ОКБнун башчысы мындан сырткары оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык козомолдоо борборунун кызматкерлери, милиция кызматы менен биргеликте «Таштемир ажы» базарындагы коомдук тамактануучу жайлардын абалын шаардык мэриянын атайын буйругуна ылайык текшерүүгө алышты.
«Элди тамак аш менен тейлоочу коомдук тамактануучу жайлардын баардыгы санитардык талаптарга жооп бербейт дегенден алыспыз. Анткени бул коомдук тамактануучу жайлардын бир чети гана десек болот. Базар ичиндеги айрым ашканалардын абалы канааттандыраарлык деп табылгандары да болду. Алдыда комиссия эки жума бою шаардагы бардык коомдук жайларды текшерүүгө алат. Анткени калктын саламаттыгы биринчи орундагы маселе бойдон калууда.»- деди Кызыл-Кыя шаарынын вице-мэри М.Айтматов.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *