Categories
Жаңылыктар, Мэрия
2022-жылдын 7-октябрь күнү Кызыл-Кыя шаарындагы №8 Н.Мусаев атындагы кесиптик лицейинде, КР. Билим берүү жана илим министрлиги алдындагы, Республикалык илимий методикалык борборунунун демилгеси менен уюштурулган «Китеп кербени», аталышындагы иш-чара болуп өттү.
Ал иш-чарага Кызыл-Кыя шаарынын вице-мэри М.Айтматов, Республикалык илимий методикалык борборунун директорунун орун басары Саттарова Алымкан Ногойбековна, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарындагы кесиптик лицейлеринин окуу тарбия иштери боюнча орун басарлары, Кыргызстан жазуучулар союзунун мүчөсү, акын , жазуучу , окуу жайдын жумуш берүүчү Глобал — Гармет тигүү фабрикасынын мастери Тайполотова Мейликан жана Кызыл- Кыя шаарындагы «Акыл кенчи» китеп дүкөнүнүн ээси Пазилет эжеке катышты. Ал иш-чарада Кызыл-Кыя шаарынын вице-мэри М.Айтматов сөз сүйлөп, келгендерге китеп окуу канчалык маанилүү экендигин айтып, “Кыргызстандын келечеги билимдүү илимдүү жаштардын колунда”-деп баса белгилеп кетти. Ошондой эле аларга чың ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт, иштерине ийгиликтерди каалап, иш-чараны ачып берди. “Китеп кербен” аталышындагы иш-чара кичи концерттик программа менен коштолду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *