Categories
Жаңылыктар, Кенеш

 

2022 – жылдын   16-сентябры  № 14/46

    

КызылКыя шаарынын жергиликтүү Курултайын чакыруу жөнүндө

 

“Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин      2022-жылдын 15-августундагы № 284 Жарлыгына, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 61–беренесине жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 2-майындагы № 152 Жарлыгы менен бекитилген Жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрүнүн элдик курултайы жөнүндө жобого, Кызыл–Кыя шаарынын Уставынын  7–главасынын 31–беренесине, шаардык кенештин Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент,коомдук уюмдар, үрп адат, религия жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2022-жылдын 15-сентябрындагы №13-чечимине негиз, Кызыл–Кыя шаарынын жергиликтүү Курултайын чакыруу максатында, КызылКыя шаардык кеңешинин кезексиз сессиясы

 

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

  1. Кызыл–Кыя шаарынын жергиликтүү Курултайы 2022–жылдын 05–ноябры ишемби күнү саат 1000 гө чакырылсын.

 

  1. Кызыл–Кыя шаарынын жергиликтүү Курултайын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы бекитилсин ( тиркеме 1).

 

  1. Кызыл-Кыя шаарынын жергиликтүү Курултайын өткөрүүнүн жобосун иштеп чыгуу жагы жумушчу топко жүктөлсүн.

 

  1. Кызыл–Кыя шаарынын жергиликтүү Курултайынын делегаттарынын саны 200 киши болуп бекитилсин.

 

  1. Кызыл–Кыя шаарынын жергиликтүү Курултайынын делегаттарын шайлоо боюнча участоктордун бөлүнүшү, чогулуштарды өткөрүүнүн графиги, чогулуштарды өткөрүүгө жооптуулар, участоктор боюнча делегаттардын саны бекитилсин (тиркеме 2).

 

  1. Кызыл–Кыя шаарынын жергиликтүү Курултайынын күн тартибине төмөнкү маселелер сунушталсын:

 

  • Кызыл–Кыя шаарынын мэри А.Маткалыковдун 2021–2025–жылдарга карата коомдук–саясий кырдаалды стабилизациялоого, шаардын мындан ары социалдык–экономикалык өнүгүшүнө, социалдык инфраструктураны жакшыртууга, калкка сапаттуу кызмат көрсөтүүгө багытталган Программасынын аткарылышы жөнүндө.

 

  • 2022-жылдын 25-ноябрында Бишкек шаарында өтө турган Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо.

 

 

  1. Кызыл–Кыя шаарынын жергиликтүү Курултайы мэриянын имаратынын чоң залында өткөрүлсүн.

 

  1. Кызыл–Кыя шаарынын жергиликтүү Курултайына шайланган делегаттар, шаардык кеңештин депутаттары, шаардын мэри, вице-мэрлер, укук коргоо органдарынын жетекчилери, өкмөттүк эмес уюмдардын жана ММК өкүлдөрү чакырылсын.

 

  1. Кызыл–Кыя шаарынын жергиликтүү Курултайын уюштуруу иштерин жүргүзүү жана техникалык жактан камсыздоо жумушчу топко жана мэрияга жүктөлсүн.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин аппарат жетекчиси У.Дариповага  жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага                                                            Ж.Калматов

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *