Categories
Жаңылыктар, Кенеш, Мэрия
Кызыл-Кыя шаарынын мэри А.Маткалыков Тажикистан Республикасынын агрессиялуу кол салуусунун кесепетинен, чек арада кандуу кагылышууда жабыр тарткан Баткен элине терең кайгыруу менен көңүл айтат.
» Бүгүн Кыргызстаныбызды коргоп, шейит кеткен мекендештерибизди жоктоп, аза күтүүдөбүз. Мамлекетибиздин чебин коргогон мекен сакчыларыбыздын баатырдыгына таазим этебиз! Жоокерлерибиз, жарандарыбыз, уул- кыздарыбыз курман болушту. Ар бири үчүн жүрөк сыздап, кайгы-муңга батып турабыз. Баатырларыбыздын элеси түбөлүккө жүрөгүбүздө сакталат. Курман болгон жарандарыбыздын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз, баарыбызга сабыр тилеймин. Жараткан курман болгондорго Бейишинен орун берсин. Жараткан өзү жар болуп, жарадар мекендештерибиз тезирээк айыгып кетүүсүн тилеймин.
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерин жана жарандардын курмандыгына алып келген бул окуя ар бирибиздин жүрөгүбүздү жаралап өттү. Жүздөгөн үй-бүлөгө кайгы алып келди. Жер которуп Кызыл-Кыя шаарына келген элибизге ысык тамак-аш, жатакана, медициналык кароо жана башка ушул сыяктуу муктаждыктарын толук камсыз кылууга мүмкүнчүлүгүбүз бар. Өлкөдөн өткөн дөөлөт жок! Жараткан Кудай Кыргызстаныбызды колдосун! » – деди Кызыл-Кыя шаарынын мэри А.Маткалыков.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *