Categories
Жаңылыктар, Мэрия

Кызыл-Кыя шаарынын мэри А.Маткалыков 1-ноябрь Кыргыз Республикасынын милиция кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

 

«Урматтуу ички иштер органдарынын кызматкерлери жана ардагерлери!

Сиздерди  кесиптик майрамыңыздар – Милиция кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм!

 

Бул майрам  күн-түн дебей,  тыныгуу билбей — ар бир күнү, өз убактысын, күчүн жана ден соолугун аябай өз милдетин өтөп жаткандардын майрамы.

 

Ардактуу ардагерлерибиз өзгөчө  ыраазычылык билдирүүгө татыктуу. Алар кылмыштуулукка  каршы каттуу күрөш жүргүзүп, азыркы күндө дагы четте калбай, жаштарыбызга  үлгү болуп, аларга жакшы тарбия-таалим берүүдө.

 

Кылмыштуулукка, коррупцияга жана баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча  сиздердин алдыңыздарда өтө жооптуу жана  маанилүү милдеттер турат. Мындай жооптуу иш сиздерден тактыкты, туура чечим кабыл алууну, мыйзамды урматтоону жана кесипкөйлүктү   талап кылат.

Дагы бир ирет сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм!

Сиздерге жана жакындарыңыздарга чың ден соолук, бакыт-таалай, ишиңерге ийгилик,  шаарыбызга тынчтык жана өнүгүү каалайм!»

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *