Categories
Жаңылыктар, Мэрия
Кызыл-Кыя шаарынын мэри А.Маткалыков , 2-ноябрь, Маданият жана искусство ишмерлерин кесиптик майрамы — Маданият кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.
“Кадырлуу көркөм өнөр чеберлери, жалпы эле маданият өкүлдөрү! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Кыргыз Республикасынын Маданият кызматкерлеринин күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм.
Маданият — бул мамлекеттин, улуттун идеологиясы, түпкү өзөгү экенин, элибиздин аң-сезими адабият менен маданияттын таасиринде калыптанмайын, күчтүү, бакубат коомду кура албайбыз. Биз көөнөрбөс руханий мурасыбызды бөксөртпөй сактоодогу, элибиздин маданий казынасын байытуудагы эмгегиңиздерди жогору баалайбыз. Көркөм өнөрдүн бардык багыттарында — театр, кино, сүрөт, музыка жаатында жаңы табылгалар менен улуттук маданиятты өнүктүрүп жатканыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем.
Урматтуу Маданият кызматкерлери сиздерге чың ден соолук, бакубат жашоо жана чыгармачыл дем-шык каалайм. Элибиздин маданиятын көтөрүүгө багытталган ишиңерди ар дайым ийгиликтер коштоп жүрсүн!”

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *