Categories
Жаңылыктар, Мэрия

2022-жылдын 24-октябрь күнү Кызыл-Кыя шаарынын 124-жылдыгына карата Психонаркологиялык бөлүмдүн 3 кабаттуу имараттынын курулушуна капсула салуу аземи болуп өттү. Бул долбоор Ахмад Абдулла Ар-Рашид тарабынан каржыланып, бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы тарабынын демөөрчүлүгү менен курулуп жаткан имарат буюрса бир жыл аралыгында бүткөрүлүп, пайдаланууга берилиши күтүлүүдө. Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын жогорку кенешини депутаты Ырысбек Атажанов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков, Кызыл-Кыя шаарынын мэри Асилбек Маткалыков, шаардык кенешинин төрагасы Жыргалбек Калматов жана жалпы дарыгердик практикалык борборунун директору Жыргалбек Кадыров катышышты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *