Categories
Жаңылыктар, Мэрия
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы №1 “Инсандын руханий-адеп-ахлактын өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгына ылайык, Кызыл-Кыя шаарынын 124-жылдык күнүнө карата мекеме-ишканалар жана окуу жайлардын арасында спорттун: футбол, волейбол, стол тенниси жана баскетбол түрлөрү боюнча мэрдин кубогу болуп өттү.
Бул спорттук иш-чаранын максаты сергек жашоо образын жайылтуу, өлкөнүн калкынын дене тарбия жана спорт менен машыгуусуна шарттарды түзүү жана андан ары өркүндөтүү, ошондой эле өлкөнүн эл аралык спорттук беделин калыптандыруу жана чыңдоо болуп саналат.
Спартакиаданын жүрүшүндө жалпы командалык жыйынтык менен 1-орунга Баткен Мамлекеттик Университетинин Кызыл-Кыя Технология экономика жана укук институту, 2-орунга Кызыл-Кыя Медициналык колледжи, 3-орунга Кызыл-Кыя шаарынын билим берүү бөлүмү ээ болушту.
Мелдештин жеңүүчүлөрүнө Кызыл-Кыя шаарынын мэри А.Маткалыков тарабынан кубог, дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *