Categories
Жаңылыктар, Мэрия

2022-жылдын 23-сентябры Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнүн 33 жылдыгына карата жана 2022-жылдын 16-сентябрында Тажикистан Республикасынын агрессиялуу кол салуусунун кесепетинен, чек арада жашаган Лейлек жана Баткен район-шаарларынан Кызыл-Кыя шаарына келишкен жарандарыбызга шаардын №7, №8, №70 кесиптик лицейлеринде жана Кызыл-Кыя шаардык жалпы даарыгердик практикалык борборунда иш-чаралар өткөрүлдү. Иш-чара ар бир кесиптик лицейдин окуучулары тарабынан жана Кызыл-Кыя шаардык маданият бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан уюштурулган концерттик программа коштолду. Бул иш-чараларга Кызыл-Кыя шаарынын вице-мэри М.Айтматов катышып, келген конокторго жылуу каалоо-тилектерин айтып өттү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *