Categories
Жаңылыктар, Мэрия
2022-жылдын 27-октябрь күнү Кызыл-Кыя шаарынын мэри А.Маткалыков жана Кызыл-Кыя шаардык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт секторунун башчысы А.Таштемиров. Кыргыз спортчусу, коомдук ишмер, 22-Жайкы Олимпиада оюндарынын чемпиону жана оор атлетика боюнча дуйнөнүн 4 жолку чемпиону болгон Каныбек Осмоналиевди тосуп алышып, алар Кыргызстандын жети миллионунчу жараны Жакшылыкка энчилуу белегин тапшырышты. Каныбек Осмоналиев баштаган спорттун өкүлдөрү Жакшылыктын уйбулосунон кабар алып, ары сыймыктуу жана ары кубанычтуу кабар менен болушуп, Жакшылык бактылуу балалыктын доорун сүргөн , сергек жашоо образы каармандарынын бири болуусун тилеп кетишти.
Жараткандын буйругу менен уулунуздар Жакшылык Кыргызстандын 7 миллионунчу жараны болду. Бул сиздер учун эн чон кубанычтуу окуя дейт кыргыз эли сыймыктанган спортчу Каныбек Осмоналиев Жакшылыктын ата-энеси менен учурашып жатып. Баланын төрөлүшү жашоодогу эн маанилуу окуялардын бири. Жакшылык Кыргызстандын эли сыймыктанган спортчу болсун деген тилектери менен Олимпиада оюндарынын чемпиону жана оор атлетика боюнча дуйнөнүн 4 жолку чемпиону болгон Каныбек Осмоналиев жети миллионунчу наристеге энчилүү белегин, эл аралык денгээлдеги мелдештен алган алтын медалын тапшырды.
1-даражадагы “Манас” орденинин ээси, Европанын эки жолку чемпиону, Каныбек Осмоналиевти коштоп Ош, Баткен дене-тарбия жана спорт комитеттеринин жетекчилери о.э. КРнын спорт журналисттер федерациясынын башкы катчысы, улуттук олимпида комитетинин мүчөсү Кабыл Макешов Улуттук Олимпиада Комитетинин куттуктоо баракчасын тапшырды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *