Categories
Жаңылыктар, Кенеш, Мэрия
Урматтуу Кызыл-Кыя шаарынын тургундары!
«Элдик Курултайды чакыруу жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы №284 Жарлыгына, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 61-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 2-майындагы №152 Жарлыгы менен бекитилген «Жергиликтүү коомчулуктун ѳкүлдѳрүнүн элдик курултайы жѳнүндѳгү» жобого негиз Кызыл-Кыя шаарынын жергиликтүү курултайын чакыруу тууралуу Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин 2022-жылдын 16-сентябрындагы №14/16 токтому кабыл алынган.
Ошого негиз Кызыл-Кыя шаарынын жашоочуларынын чогулуштары ѳткѳрүлѳт. Чогулуштардын күн тартибине бир маселе коюлат: «Кызыл-Кыя шаарынын жергиликтүү курултайына делегаттарды шайлоо». Чогулуштарга жашы 18ден жогору болгон ошол кѳчѳдѳ же айылда туруктуу жашаган жарандар катыша алат. Чогулуштарды ошол жерде жашаган тургундарга ыңгайлуу шартарды түзүү максатында мурда иштеп жүргѳн шайлоо участкаларынын чектери колдонулат жана ошонун негизинде Кызыл-Кыя шаары 22 участкаларга бѳлүнгѳн. Ар бир участкадан калктын санына карата шайлана турган делегаттардын саны такталды жана делегаттарды шайлоо жер-жерлерде 2022-жылдын 15-22 октябрында ѳткѳрүлѳт (графиги тиркелет).
Ошондуктан урматтуу шаардыктар, бардыгыңыздарды боло турган чогулуштарга катышууну жана ѳзүңүздѳрдүн активдүү турмуштук позицияңыздарды билдирип кетүүнү Сиздерден суранып кетебиз.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *