Categories
Жаңылыктар, Мэрия
Кызыл-Кыя шаарындагы тоо-техникалык инновация жана экономика колледжинде 2018-жылдын апрель айында Азия өнүктүрүү банкынын каржылоосу негизинде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги «Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдуу өсүү үчүн көнүмдөр» долбоору менен кызматташуу меморандумга кол коюлган. Долбоор 2018-жылдан тартып 2023-жыл аралыгында ишке ашырылат. Долбоордун алкагында колледж «Алдынкы тажрыйба борбору» статусун алууга пландаган. Бугун 2022-жылдын 03-ноябрь күнү «Алдынкы тажрыйба борборунун ачылуу аземи болуп, ага КРнын Министрлер Кабинетинин торагасынын орун басары Эдил Байсалов онлайн катышты. Ошондой Кызыл-Кыя шаарынын мэри А.Маткалыков шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Д.Матосмонова катышышты.
Республика боюнча ушундай алдынкы тажрыйба борбору дагы жети окуу жайда ачылды. Алдынкы тажрыйба борбор Баткен облусу аймагында кесиптик билим берүүчү окуу жайлардын тажрыйба алмашуу жана квалификация жогорулатуу борборуна айланат. Мындан сырткары замандын талабына жана эмгек базарына жооп берүүчү адистиктерди аныктап чыгып, жумуш берүүчүлөр менен биргеликте иш алып барат.
Азия өнүктүрүү банкынын каржылоосу негизинде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги «Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдуу өсүү үчүн көнүмдөр» долбоорунун алкагында колледждин жатаканасы капиталдык ремонттон откорулду. Имарат торт кабаттан туруп, Анда биринчи кабаты ондуруштук комплекске, квалификация жогорулатуу борбору жана ашканага айланса, ал эми экинчи кабат тигуу цехи атайын жабдылган кааналар болуп озгортулду. О.э. учунчу кабат программисттер учун лаборатория, окуу кааналары, тортунчу кабат студенттерге арналган бардык шарттары менен жатакана пайдаланууга берилди.
Айта кетсек, жалпысынан колледжди толук турдо ондоп тузоого жана жабдыктар менен камсыз болуусуна Азия өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен 1 млн доллар жумшалган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *