Categories
Жаңылыктар, Кенеш

Урматтуу   аксакалдуу аталар жана ак элечектүү апалар!

Сиздерди 1-октябрь — Эл аралык карыялар күнү менен Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин жалпы депутаттарынын атынан жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктаймын!

Кылымдардан бери кыргыз калкы өз карыларын кастарлап жогору коюп, аларга татыктуу урмат-сый көрсөтүп келет.

Бекеринен «Карысы бардын – ырысы бар», «Карынын кебин капка сал», «Жаш келсе – ишке, кары келсе – ашка» деген сыяктуу макал-лакаптар илгертеден жашап, алар улуу муунду кадырлоонун уңгулуу насыяты катары калкыбыздын аң-сезиминде бекем орнобосо керек.

Аксакалдарды урматтоо жана сыйлоо кыргыз элинин маданиятынын ажырагыс бөлүгү. Ата жөлөп турган тирек, эне акыл-насаат булагы демекчи, бизди бул дүйнөгө алып келген, тарбиясын берген биздин ата-энелер.

Жашоо баарына берилет, бирок карылык баарына эле бериле бербейт экен.  Ар бир адам улгаят, ошондуктан карыларга сый урмат жасоо ар бир адамдын милдети болот.

Көп жашап, көптү көрүп, турмуштук тажрыйбага тунган аталар менен апалардын тунук акылы, көсөмдүгү, каниет-сабыры ар дайым кийинки муун үчүн улуу сабак болуп келгендиги элибиздин каада-салтындагы өрнөктүү жөрөлгө. Биз мындай тарыхыбыз менен сыймыктанууга толук акылуубуз.

Ардактуу аталар жана апалар, сиздердин жалындуу жаштыгыңыздар Кыргыз мамлекетинин гүлдөп-өнүгүшүнө арналса, карылык курагыңыздар неберелерге арналып отурат. Бул да болсо чон бакыт болсо керек.

Урматтуу аталар, апалар! Ар дайым бар болунуздар! Ден соолугунуздар бекем болсун, үйүбүздүн көркү болуп, узаак өмүр сүрүнүздөр.

Биз сиздердин жашоо-турмушуңуздарды жакшыртуу үчүн болгон күч-аракетибизди  жумшайбыз.

Дагы бир ирет майрамыныздар кут болсун кадырман аталар жана апалар! 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *