Categories
Жаңылыктар, Мэрия
2022-жылдын 13-сентябрь күнү Кызыл-Кыя шаардык мэриясынын алдында өлкөбүз дүйнөдөгү эң китепкөй өлкөгө айлансын деген изги тилек менен «Китепкөй Кызыл-Кыя» аттуу ачык асман алдында китеп окуу иш-чарасы болуп өттү.
Ал иш-чарага Кызыл-Кыя шаарынын мэри А.Маткалыков катышып, шаарыбыздын жаштарына өзүнүн каалоо тилектерин айтып иш-чараны ачып берди.
Ачык асман алдында китеп окуу иш-чарасынын алгачкы коногу «Ыйык Ата Журт Баткен» жаштар фондунун төрагасы, психолог, коуч Алтынбек Атамбаев болду.
Иш-чара «Акыл кенч» китеп дүкөнү, Кызыл-Кыя шаардык мэриясы жана «IQ» окуу борбору тарабынан уюштурулуп, мындай кийин да байма-бай өткөрүп турмакчы болду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *