Categories
Жаңылыктар, Мэрия
Кызыл-Кыя шаардык Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы 2022-жылдын 18- октябрында № 7 кесипчилик лицейинин базасында, Кызыл-Кыя шаардык мэриясынын колдоосу менен «Бош орундар жарманкесини» өткөрдү. Бош орундар жарманкесине шаардагы кесиптик лицейлердин, орто мектептердин бүтүрүүчүлөрү жана жумушсуз жургон 187 адам катышты. Шаардагы 15 мекеме ишканалар, 2 жогорку, 2 кесиптик орто, 3 башталгыч кесиптик окуу жайлары, жана 4 мектептин мугалимдери жана бүтүрүүчүлөрү катышты. Бош жумуш орундар жарманкесине мекеме-ишканалардан 71 бош орундар коюлду.
Жарманкени Кызыл-Кыя шаарынын мэри А.Маткалыков ачып, иш чаранын катышуучуларына шаар калкын жумуш менен камсыз кылууну жогорулатуу, жаны жумуш орундарын түзүү жана жаштарды кесипке даярдоо иштерини мындан ары жогорулатуу туурасында айтып, ошондой эле Кызыл-Кыя шаарынын экономикасы, чечилүүчү социалдык маселелер, шаардын келечеги жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу жарманке катышуучуларына маалымат берди.
Шаардагы Эмгек базарынын абалы, жаңы түзүлгөн жумуш орундары, шаар калкын жумуш менен камсыз кылууну жогорулатуу жана Эмгек базарынын суроо талаптарына ылайык квалификациялуу кадрларды даярдоону камсыз кылуу боюнча бөлүм тарабынан аткарылган жумуштар тууралуу, иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмүнүн башчысы А.Ж. Арчабаев маалымат берди.
“Бош орундар жарманкесинин” алкагында № 8, № 70 жана № 7 кесиптик лицейлеринде, бөлүм тарабынан кыска мөөнөттүү курстарда окуп жаткан жумушсуз жарандардын арасында «Мыкты тигүүчү», «Мыкты ашпоозчу- кондитер» жана “Мыкты электрширетүүчү конкурсунун катышуучуларына, конкурстун шартынын негизинде тапшырмалар берилип, алардын аткарган жумуштарын баалоо үчүн жюри мүчөлөрү иш берүүчүлөрдүн арасынан шайланды.
Жарманкеге келген мекеме ишканалардын жетекчилери, ар бири өз ишканаларын презентациялоо жана даярдалган буклеттерин жарманке катышуучуларына таркатып, ишканалардагы азыркы учурдагы бош орундар тууралуу маалыматтарды беришти. Шаардагы жаны ачылган ишканалардын бири, “Глобал-Гармент” тигүү фабрикасынын өкүлү М. Тайполотова, азыркы күндө тигүүчүлөргө, бычмачыларга, таңгактоочуларга жана слесарь- оңдоочу адистерине муктаж экендиктерин айтып өттү. Жалпысынан ишканага 20 дан ашуун тигүүчү керектигин айтып, жарманкеге катышып жаткан жумуш издөөчүлөрү жана кесиптик лицейлердин бүтүрүүчүлөрүн жумушка чакырды. Андан кийин жарманкеге келген төмөнкү иш берүүчүлөр: Маш завод, Динамо тигүү фабрикасы, ошондой эле шаардык билим берүү бөлүмү өздөрүндөгү бош жумуш орундары тууралуу жарманкеге келгендерге кеңири маалыматтарын беришти.
Иш-чаранын учурунда БатМунын көп тармактуу институнун, педагогика институнун, тоо кен колледжинин, № 7, №8, № 70 кесиптик техникалык лицейлеринин жетекчилери өздөрүнүн окуу жайларында окутулуучу кесиптер жөнүндө бүтүрүүчүлөргө жана иш берүүчүлөргө кенири маалыматтарды берди. Ошондой эле иш берүүчүлөр азыркы учурда, керектүү кадрларды сапаттуу даярдап берүүсүн окуу жайлардан өтүнүп кетишти.
Мектептердин бүтүрүүчүлөрүнө кесип тандоо боюнча кеп-кеңештерин берип, өздөрү кесиптер боюнча даярдап келген буклеттерин таркатышты.
Андан ары иш берүүчүлөр менен жумуш издөөчүлөр ортосундо бош жумуш орундар боюнча суроо-жооптор берилип, жыйынтыгында 17 атуулга жумушка орношууга жолдомо берилди. Анын ичинен 8 атуул иш берүүчүлөр менен ишке орношуу боюнча макулдашышты.
Жарманкенин жүрүшүндө, шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын аткарып жаткан иштери, жумушсуз жарандарды жумушка орноштуруу, кесипке даярдоо жана кайра окутуу боюнча башкармалыктын башкы адиси М.Т. Топчубаев жана жетектөөчү адиси Ж.А. Гапаров катышкандарга кеңири маалымат берди.
Жарманкенин аягында жюри мүчөлөрү конкурстардын жыйынтыгын чыгарды жана шаардын мэри А.Маткалыков алдынкы орунду ээлегендерге шаардык мэриянын атынан дипломдор жана акчалай сыйлыктарды тапшырды.
«Мыкты тигүүчү» конкурсунда 1- орунду ээлеген № 8 кесиптик лецейинен окуучусу Г. Эгембердиева 1- даражадагы диплом жана 1500 сом акчалай сыйлык, 2-орунду № 70 лицейинен З. Сарбоева 2-даражадагы диплом жана 1000 акчалай сыйлык, 3-орунду № 7 Г. Райимбекова 3-даражадагы диплом жана 500 сом акчалай сыйлык берилди.
«Мыкты ашпоозчу- кондитер» конкурсунда 1-орунду ээлеген № 7 кесиптик лицейинен Б. Орозбаев 1 даражадагы диплом жана 1500 сом акчалай сыйлык, 2-орунду № 8 кесиптик лицейинен ¬¬¬¬¬¬Ү. Шамшиева 2-даражадагы диплом жана 1000 акчалай сыйлык берилди.
«Мыкты электроширетүүчү» конкурсунда 1-орунду ээлеген № 8 кесиптик лицейинен М.Рахмонов 1 даражадагы диплом жана 1500 сом акчалай сыйлык, 2-орунду № 70 кесиптик лицейинен ¬¬¬¬¬¬ А. Боркошов 2-даражадагы диплом жана 1000 акчалай сыйлык, 3- орунду № 7 кесиптик лицейинен Ж. Тургуналиев 3-даражадагы диплом жана 500 сом акчалай сыйлык берилди.
Ошондой эле “Жарманкенин” алкагында социалдык контракттын негизинде келишим тузуп, 100 мин сом акча алган Ч. Туматова тарабынан кондитердик торт бышыруу боюнча “Мастер-класс” откорулду. Ага шаардын мэри тарабынан “Ыраазычылык баракчасы” жана 1500 сом акча каражаты берилди.
Өткөрүлгөн “Бош орундар жарманкесинде” шаардын мэри А.Маткалыков жыйынтыктоочу сөзүн сүйлөп, мындан ары да ушундай иш чараларды тез-тез өткөрүп турууну, иш берүүчүлөр менен жумушсуздардын ортосунда тыгыз иш алып баруубузду күчөтүү боюнча тапшырмаларды берди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *