Categories
Жаңылыктар
Кызыл-Кыя шаарында Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду тарабынан ишкерлерди колдоо максатында арзан пайыздан насыялар берилди. Кызыл-Кыя шаарында Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун колдоосу менен жеке заманбап урологиялык “УРОМЕД” дарт-аныктоо борбору курулуп жатат. Насыя каражаты курулуш-монтаждоо иштерин бүткөрүүгө жана медициналык жабдууларды сатып алууга жумшалат. Бул долбоор жеке ишкер Касым Орозалиев тарабынан демилгеленип, аймактарды өнүктүрүү, ошондой эле калкка сапаттүү заманбап медициналык кызмат көрсөтүү максатында ишке ашууда.
Ошондой эле шаарыбызда Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун колдоосу менен 200дөн ашуун орундуу инновациялык жабдуулар менен жабдылган заманбап жеке билим берүү борборунун имараты курулат. Бул долбоор жеке ишкер Абдуллаева Аида Азаматовна тарабынан уюшулган.
Мындай курулуш иштери шаарыбыздын социалдык экономикалык жактан өнүгүшүнө зор өбөлгө болуп, шаарыбыздын тургундарына жаңы иш орундарын камсыз кылып берет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *