Кызыл-Кыя шаарында 2022-жылдын 22-октябрь күнү жалпы шаардык ишембилик өткөрүлдү. Бул ишембиликке шаарыбыздын менчиктин түрүнө карабастан баардык мекеме-ишканалардын, окуу жайлардын эмгек жамааттары жана шаар тургундары катышышты. Ишембиликтин алкагында суу жүрүүчү арыктар (лотоктор) тазаланып, таштандылар жыйналды.
Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы ишембиликке катышкан баардык мекеме-ишканалардын кызматкерлерине ыраазычылык билдирет!