Categories
Жаңылыктар, Кенеш, Мэрия
Кызыл-Кыя шаарынын мэри А.Маткалыков, чек ара чырында жакындарын жоготуп, турак жайынан ажырап, эвакуацияланып азап тарткан Баткен элине жардам колун сунган ар бир жараныбызга ыраазычылык билдирет.
«Кыргыз-тажик чек арасындагы каргашалуу окуядан Баткен облусунда өмүрлөр кыйылып, жүздөгөн жарандар жаракат алды, үй-бүлөлөр турак жайсыз калды, бул кабарды ар бир мекендешибиз оор жоготуу катары кабыл алганын сезип турабыз. Мындан улам кайрымдуу инсандар тарабынан «Баткен, биз сени менен!» деген ураан аркылуу моралдык жана материалдык колдоо көрсөтүү иштери ыкчам жана активдүү уюштурулуп жатат. Кыргыз эли ынтымагын, биримдигин жана берешендигин дагы бир ирет далилдеди. Жардам колун сунган ар бир жаранга, Шаардагы мекеме ишканаларга ,коомдук уюмдарга, жеке ишкерлерге жана шаар элине терең ыраазычылык билдиребиз. Жергебизде тынчтык, элибизде ынтымак болсун», Кызыл-Кыя шаарынын мэри А.Маткалыков.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *