Categories
Жаңылыктар, Кенеш, Мэрия
«Урматтуу Кызыл-Кыя шаарынын тургундары жана коноктору!Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү менен чын жүрөктөн куттуктаймын!”Тилдин ээси – эл”- деп, залкар атабыз Түгөлбай Сыдыкбеков белгилегендей, жалпы элдик аракет, бир тилекке бириккен улуттук мүдөө гана тилибиздин толук кандуу иштешине жана өркүндөшүнө өбөлгө түзөт. Демек, биздин тилек – өз өлкөбүздө өз тилибизде сүйлөп, иштейли деген табигый талап. Башка улуттун өкүлдөрүн өз айланабызга бириктирип, ынтымакта иштешүүнүн бирден-бир жолу – мамлекеттик тилди кеңири колдонуу. Ошондуктан, баарыбыз эне тилибизге кызмат кылуубуз менен элибизге ак санаган адал эмгек өтөөрүбүздү терең түшүнөлү. Мамлекеттик тилибиздин түбөлүгү түз болсун,тилибиз түптүү элдин уюткулуу улуттун, өнүккөн өлкөнүн мамлекеттик тили катары жогорку деңгээлге көтөрүлөт деп терең ишенемин, майрамыбыз кут болсун!”
Кыргыз тили — мамлекеттүүлүгүбүздүн белгиси, элибиздин ынтымагынын, биримдигинин негизи, көөнөрбөс руханий казынабыз. Мындан туура 33 жыл мурда, 1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз ССРинин Жогорку Совети атайын мыйзам кабыл алып, кыргыз тилине мамлекеттик тил макамын ыйгаруу менен, эгемендүү мамлекетти курууга карай орчундуу кадам жасаган.
Мына, ошол күндөн бери, 23-сентябрь-кыргыз тил майрамы катары белгиленип келет. Бул күнү билим берүү мекемелеринде кыргыз тили боюнча ар кандай сынактар уюштурулуп, концерттик программалар менен коштолот. Ушул майрамды утурлай, мамлекеттик деңгээлде атайын иш-чаралар өткөрүлүп, кыргыз тилин өнүктүрүү, үйрөтүү маселелеринин тегерегинде талкуулар болуп турат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *