Categories
Жаңылыктар, Кенеш, Мэрия
Кызыл-Кыя шаарынын мэри А.Маткалыков 5-октябрь Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.
«Урматтуу мугалимдер, кымбаттуу агай-эжелер!Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм!
Биздин коомубузда ар дайым мугалимге карата урмат-сый, жылуу сезим сакталып келет. Мугалим — терең билим берип, дүйнөнү тааныткан устат, келечекке жол көрсөтүп, чоң турмушка аттандырган насаатчы.Азыркы мезгилде агартуучулук кесиптин ролу, мугалимдердин коомдогу баркы жогорулоодо. Бул дүйнөнүн келечеги чындыгында мугалимдин колунда! Мугалимдер окуучуларга өтө кылдаттык жана сабырдуулук менен сабак беришет жана алардын мээнети коом тарабынан бааланышы керек.
Биз сиздердин ак ниет эмгегиңиздерди бийик баалайбыз, баарыңыздарга ыраазылык билдиребиз.
Сиздерге чың ден соолук, бакты-таалай, жаш муундарды окутуп-тарбиялап жаткан асыл ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм!».

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *