Categories
Жаңылыктар, Мэрия
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жети миллионунчу Кыргызстандын жараны Жакшылык Бектемировко 1 млн сомдук депозит берилди. Мындан сырткары накталай 200 мин сом акчалай сүйүнчу пулун жана башка белектер берилди. Жакшылык бүгүн 2022-жылдын 25-октябрь күнү Кызыл-Кыя шаардык торот болумунон салтанаттуу түрдө үйүнө узатылды. Ал иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков, Кызыл-Кыя шаардык кенешинин төрагасы Жыргалбек Калматов жана шаар башчысы Асилбек Маткалыков катышышты.
Жакшылыкты торот болумунон салтанаттуу турдор чыгарууга Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, жана башка жетекчилер катышып, ага президенттин атынан 1млн сомдук депозитти жана 200 мин сомдук суйунчу пулун тапшырышты.
Кыргызстандын жети миллионунчу жараны болуп катталган Жакшылыктын үй-бүлөсүнө шаардын мэри Асилбек Маткалыков материалдык колдоо көргөзүү менен бирге үй салуу үчүн 6 сотых жер участогунун сертификатын тапшырды.
Мындан тышкары Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков өкүлдүн сүйүнчү пулун тапшырды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *