Categories
Жаңылыктар, Мэрия
2022-жылдын 1-августунда Кызыл-Кыя шаарындагы «Ыйман» комплексинин базасында жайгашкан диагностикалык борборго Кувейт Республикасынын кайрымдуулук фонду тарабынан 7млн сомдук заманбап үлгүдөгү медициналык жабдыктар тапшырылды. Жаӊы медициналык жабдыктар Кызыл-Кыя шаарынын тургундарынын жана коӊшулаш райондордон келген бейтаптардын анализдерин тез жана так чыгарууга, диагноздорду так аныктоого шарт түзөт.
Бул иш-чарага Кызыл-Кыя шаарынын мэри А.Маткалыков, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, Кыргыз Республикасынын Президенттин Баткен облусунун чек ара райондорун калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча атайын өкүлү, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары катышып, Кувейт Республикасынан келген конокторго ыраазычылык билдирип, иштерине ийгиликтерди каалап өтүштү
 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *