Categories
Жаңылыктар, Кенеш, Мэрия
Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын чоң жыйындар залында 1-октябрь «Улгайган адамдардын Эл аралык күнүнө» карата майрамдык иш-чара болуп өттү.
Иш-чарага Кызыл-Кыя шаарынын мэри А.Маткалыков, социалдык камсыздоо, эмгек жана миграция бөлүмүнүн кызматкерлери жана Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин төрагасы Ж.Калматовдор катышты.
Майрамдык иш-чарада шаардын мэри А.Маткалыков биздин ардактуу карыяларыбызга жакшы каалоо тилектерин айтып, «аларды ушундай майрам күнү эле эстебестен, ар дайым татыктуу көңүл буруп, ардактап, баалап-барктап, сыйлап жүрүүбүздү керек» — деп белгилеп кетти.
Ошондой эле майрамдык салтанат шаардык маданият кызматкерлеринин концерттик программасы менен коштолуп, майрамга чакырылган карыяларга акчалай сыйлыктар тапшырылды.
1-октябрь Улгайган адамдардын Эл аралык күнүнө карата Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын атайын буйругу чыгып, бир айлык жарыяланган. Бир айлыктын алкагында шаардагы бардык мекеме-ишканалар жана окуу жайлар өздөрүнүн ардактуу эс алууда жүргөн эмгектин ардагерлерин майрамга карата сыйлоо жагы тапшырылган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *