Categories
Жаңылыктар, Мэрия
2022-жылдын 24-октябрында Кызыл-Кыя шаарынын 124-жылдыгына карата уюштурулган «Алтын күз -2022» майрамы өткөрүлдү. Бул майрам дыйкандар жана фермерлер ортосунда сынак, айыл чарба продукцияларынын жарманкеси жана гүлдөр композицияларынын сынагы катары өткөрүлдү.
Жарманкеге араб өнөктөштөрү Ахмад Абдулла Ар-Рашид, Кыргыз Республикасынын жогорку кенешини депутаты Ырысбек Атажанов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков, Кызыл-Кыя шаардык кенешинин төрагасы Жыргалбек Калматов жана Кызыл-Кыя шаарынын мэри Асылбек Маткалыков катышышты.
Бул иш-чара мэрия тарабынан уюштурулуп, ага Кызыл-Кыя шаарына караштуу Караван айыл башкармалыгынын Ак-Булак, Жин-Жиген, коӊшулаш Кадамжай жана Ноокат райондурунун айыл өкмөттөрүнүн дыйкандары өндүргөн мөмө-жемиштери, балык, эт ж.б азыктары саттыкка коюлган. Дыйкандар өндүргөн азык түлүктөрүн базар баасынан арзан баада кардарларга тартуулашты. Ал иш-чарага шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу мектептер, мектепке чейинки билим берүү мекемелер жана жеке менчик мектептер жогорку даярдык менен катышышты.
Майрамдын катышуучуларын шаардын мэри Асилбек Маткалыков куттуктап, өз сөзүндө бул майрам айыл чарбасын өнүк¬түрүү максатында, шаар элине дыйкандардан таза жана арзан азык-түлүктү сатып алуусуна шарт түзүү максатында уюштурулуп жаткандыгын белгиледи.
Сынактын жеӊүүчүлөрүнө мэриянын дипломдору тапшырылды. Кошумчалай кетсек, Кызыл-Кыя шаарында «Алтын күз» жарманкеси жыл сайын ушул мезгилде салт катары уюштурулуп келет.
Белгилей кетсек Ак-булак айылындагы 100 орундуу бала бакчанын, Т.Кулатов атындагы борбордук стадиондун проектисинен кабар алышты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *