Categories
Жаңылыктар, Мэрия
2022-жылдын 24-октябрь күнү Кызыл-Кыя шаарынын 124-жылдыгына карата, Машзавод жаңы конушундагы комплексинин ачылуу аземи болуп өттү.
Анда 80 орундуу балдар бакчасы, дүкөн, милиция бөлүмчөсү, мечит жана үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты курулуп, пайдаланууга тапшырылды.
Имараттар заманбап шарттары менен курулган. Балдар бакчасынын имаратында керектүү эмеректер да орнотулуп, учурда балдарды кабыл алууга даяр турат.
Бул долбоор Ахмад Абдулла Ар-Рашидтин демөөрчүлүгү менен курулуп бүткөрүлдү. Ал иш-чарага Кыргыз Республикасынын жогорку кенешини депутаты Ырысбек Атажанов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков, Кызыл-Кыя шаардык кенешинин төрагасы Жыргалбек Калматов жана Кызыл-Кыя шаарынын мэри Асилбек Маткалыков катышышты. Аталган комплекске жумшалган каражаттын жалпысы 19 млн 200 миң сомду түзөт. Анын ичинен 15 млн сом араб инвесторлор тарабынан каржыланса, 4 млн 200 миң сом жергиликтүү бюджеттен жумшалган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *