2022-жылдын 31-августунда Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 31 жылдык майрамы Кызыл-Кыя шаарында белгиленди. Майрамдык иш-чара Кызыл-Кыя шаарынын мэри Маткалыков Асилбек Жоробаевич, шаардык кеңештин төрагасы Калматов Жыргалбек Сагынбаевич жана шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилеринин, эмгек жамаатынын катышуусунда борбордук аянттагы эстеликке гүлчамбар коюудан башталды.
Андан кийинки иш-чара шаардык борбордук сейил бакта улантылып, Кызыл-Кыя шаарынын мэри Маткалыков Асилбек Жоробаевич шаар тургундарын жана келген конокторду Эгемендүүлүктүн 31 жылдыгы менен куттуктады.
Майрамга карата борбордук сейил бакта келген конокторго чакан концерт уюштурулуп, майрамдык маанай тартууланды.
