Categories
Жаңылыктар, Мэрия
2022-жылдын 18-ноябрында Кызыл-Кыя шаарында 2022-2023-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында шаарыбыздын аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнө акчалай материалдык жардам берилди. Бул иш-чара шаарыбыздын аймагындагы жалгыз бой, жардамга муктаж, жакыр жашаган жана майып жарандарга ар тараптуу жардамдарды, колдоолорду көрсөтүү, кышка даярдык көрүүгө жардам кылуу максатында уюштурулду. Үй жана квартал комитеттеринин сунуштоолорунун негизинде шаардык эмгек социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан тизме түзүлүп, шаардагы аз камсыз болгон, жакыр үй-бүлөлөргө кышка даярдык көрүп, көмүр сатып алуу үчүн 2000 сомдон, 200 үй-бүлөгө жалпысынан жергиликтүү бюджеттин эсебинен 400000 (төрт жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилди. Иш-чарада шаарыбыздын мэри А.Маткалыков, шаардык кеңештин төрагасы Ж.Калматов сөз сүйлөп, жакшы калоо-тилектерин айтып, шаардын тургундары менен маек куруп, шаарда аткарылып жаткан иштер боюнча маалымат берип өтүштү. Жардам алган жараандар шаардын жетекчилигине батааларын берип, өз ыраазычылыктарын билдиришти.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *