Categories
Жаңылыктар, Мэрия

2022-жылдын 3-декабрында Кызыл-Кыя шаарындагы №6 Токтогул Сатылганов атындагы орто мектебинде өспүрүм балдар, кыздар арасында спорттун тогуз коргоол, шахмат, шашки түрлөрү боюнча спартакиада болуп өттү. Бул спорттук иш-чара Кызыл-Кыя шаардык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт сектору, Кызыл-Кыя шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан уюштурулду. Спартакиаданын максаты сергек жашоо образын жайылтуу, окуучулар арасында өз ара мамилени чындоо болуп саналат. Аталган иш-чарага Кызыл-Кыя шаарынын мэри А.Маткалыков катышып, спартакиаданын катышуучуларына “Балалык эң бактылуу учур, анткени жашоонун бул мезгили эбегейсиз. Биз балдарыбызга көбүрөөк көңүл буруп, аларга жакшы дүйнөнү камсыз кылышыбыз керек”.- деп өзунун жакшы каалоо тилектерин айтып иш-чараны ачып берди. Белгилей кетсек бул спартакиаданын ар бир катышуучусуна жергиликтүү бюджет тарабынан белектер тапшырылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *