Бүгүн 2022-жылдын 5-октябрь күнү, Кызыл-Кыя шаардык мэриясынын чоң жыйындар залында 5-октябрь Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата уюштурулган майрамдык иш-чара болуп өттү.
Ал иш-чарага Кызыл-Кыя шаарынын мэри А.Маткалыков, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин төрагасы Ж.Калматов жана шаарыбыздын билим берүү бөлүмүнүн башчысы Д.Матосмоновалар катышты. Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө шаарыбыздын мэри А.Маткалыков сөз сүйлөп. “Бул дүйнөнүн келечеги чындыгында мугалимдин колунда! Мугалимдер окуучуларга өтө кылдаттык жана сабырдуулук менен сабак беришет жана алардын мээнети коом тарабынан бааланышы керек”.-деп Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын “Ардак грамоталарын” сыйлык ээлерине тапшырышты.
Ошондой эле майрамдык салтанат шаардык маданият кызматкерлеринин концерттик программасы менен коштолуп, шаарыбыздын мугалимдерине жагымдуу маанай тартууланды.