Categories
Жаңылыктар, Кенеш, Мэрия

74 курагында Кызыл-Кыя шаарынын мурдагы биринчи вице-мэри Цой Ф.И. дүйнѳдѳн кайтыш болду
Цой Флорида Ирьевна 1949- жылдын 15-январында Казак ССРнин Семипалатинск областында туулган. Кызыл-Кыя шаарынын №3 орто мектебин аяктагандан кийин 1969-жылы Боровичи шаарындагы техникумун бүтүргѳн. 1995-жылы Москва шаарындагы инженердик-курулуш институтун инженер-экономист адистиги боюнча аяктаган.
Эмгек жолун 1969-жылы Кызыл-Кыя шаарынын курулуш-материалдар комбинатында мастер, технолог, ПТОнун начальниги кызматтарын аркалаган. Андан кийин1985-1988-жылдары шаардын тигүү фабрикасында директор болуп иштеп келген. 1988-1990-жылдары Кыргызстан Компартиясынын Кызыл-Кыя шаардык комитетинин уюштуруу бѳлүмүнүн башчысы, 1990-1992-жылдары шаардык аткаруу комитетинин тѳрагасынын орун басары, 1992-1996-жылдары шаардык каржы бѳлүмүнүн башчысы, 1996-2001-жылдары шаардык кеңештин бѳлүм башчысы, 2001-жылдан тартып шаардык мэриянын аппаратынын жетекчиси, вице-мэр, 1-чи вице-мэр, жетектѳѳчү адис кызматтарында иштеп келген.
1980-1985-жылдары, 1985-1990-жылдары, 1990-1995-жылдары Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаты болуп шайланган.
Ф.И.Цой Баткен областынын жана Кызыл-Кыя шаарынын социалдык-экономикалык ѳнүгүүсүнѳ кошкон ѳзгѳчѳ салымы жана ѳз милдетин мыкты аткарууда, коомдук иштерге активдүү катышууда жетишкен ийгиликтери үчүн областтык жана шаардын Ардак Грамоталары менен шайланган. Муниципалдык кызматта мыкты эмгектенгендиги үчүн Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Мамлекеттик агентигинин тѳш белгисине ээ болгон. Андан тышкары дагы эмгектенген ишканалардын Ардак Грамоталары менен сыйланган.
Кызыл-Кыя шаарынын ардактуу жараны.
Ф.И.Цойдун ата-энеси 1975-жылы каза болгон. Эки уулу жана бир кызы бар. Тѳрт бир тууганы бар.
Цой Ф.И. жѳнүндѳ жаркын элес ар дайым жүрѳгүбүздѳ сакталат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *