2022-жылдын 18-ноябрында Кызыл-Кыя шаарында 2022-2023-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында шаарыбыздын аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнө акчалай материалдык жардам берилди.

Categories
Жаңылыктар, Мэрия

2022-жылдын 18-ноябрында Кызыл-Кыя шаарында 2022-2023-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында шаарыбыздын аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнө акчалай материалдык жардам берилди. Бул иш-чара шаарыбыздын аймагындагы жалгыз бой, жардамга муктаж, жакыр жашаган жана майып жарандарга ар тараптуу жардамдарды, колдоолорду көрсөтүү, кышка даярдык көрүүгө жардам кылуу максатында уюштурулду. Үй жана квартал комитеттеринин сунуштоолорунун негизинде шаардык эмгек социалдык камсыздоо жана […]

Кызыл-Кыя шаарындагы базар ичинде жайгашкан ашканалар текшерүүгө алынды.

Categories
Жаңылыктар, Мэрия

Кызыл-Кыя шаарындагы базар ичинде жайгашкан  ашканалар текшерүүгө алынды. Шаардын вице-мэри М.Айтматов жетектеген комиссия тобу бүгүн эрте менен базар жайындагы коомдук тамактануучу жайлардын абалын текшерип, ведомстволор тарабынан эскертүүлөр берилип, акт түзүлдү. Жергиликтүү бийликтин өкүлү мындан ары күн сайын коомдук тамактануучу жайлардагы санитардык эрежелер көзөмөлгө алынаарын маалымдашты. Кызыл-Кыя шаарынын вице-мэри М.Айтматов баш болгон экология, архитектура, ОКБнун башчысы […]

7-8-ноябрь Кыргыз Республикасынын “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү» күнүнө карата иш-чара болуп өттү.

Categories
Жаңылыктар, Мэрия

7-8-ноябрь Кыргыз Республикасынын “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү» күнүнө карата иш-чара болуп өттү. Ал иш-чарага Кызыл-Кыя шаарынын мэри А.Маткалыков, шаардык кеңешинин төрагасы Ж.Калматов, Кызыл-Кыя шаарындагы мекеме-ишканалардын жана окуу жайлардын жетекчилери катышышты, Иш-чарада Кызыл-Кыя шаарынын мэри А.Маткалыков сөз сүйлөп, ата-бабаларды эскерип, куран окутулду. Иш-чара гүл чамбар коюу менен жыйынтыкталды.

Кызыл-Кыя шаарынын жергиликтүү Курултайы өткөрүлүп 2(эки) делегат шайланды.

Categories
Жаңылыктар, Кенеш

 Кызыл-Кыя шаардык кеңеши  2022-жылдын 05-ноябрында жергиликтүү  Курултай өткөрдү. Жергиликтүү Курултайга 200 делегаттын ичинен 176 делегат келип катышты.  Алардын ичинен Султанов Жалалидин жана Ахматов Элдияр Тынычбекович  «Элдик Курултайга» делегат болуп шайланышты.                                                    […]

Кызыл-Кыя шаарынын жергиликтүү Курултайы 2022-жылдын 05-ноябры ишемби күнү саат 10:00 гө өткөрүлөт.

Categories
Жаңылыктар, Кенеш

“Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы № 284 Жарлыгына, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 61–беренесине жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 2-майындагы № 152 Жарлыгы менен бекитилген Жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрүнүн элдик курултайы жөнүндө жобого, Кызыл–Кыя шаарынын Уставынын  7–главасынын 31–беренесине негиз, Кызыл–Кыя шаарынын жергиликтүү Курултайын чакыруу […]

Алдынкы тажрыйба борбору ачылды

Categories
Жаңылыктар, Мэрия

Кызыл-Кыя шаарындагы тоо-техникалык инновация жана экономика колледжинде 2018-жылдын апрель айында Азия өнүктүрүү банкынын каржылоосу негизинде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги «Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдуу өсүү үчүн көнүмдөр» долбоору менен кызматташуу меморандумга кол коюлган. Долбоор 2018-жылдан тартып 2023-жыл аралыгында ишке ашырылат. Долбоордун алкагында колледж «Алдынкы тажрыйба борбору» статусун алууга пландаган. Бугун 2022-жылдын 03-ноябрь күнү […]

Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин (VII чакырылышы) кезексиз 16-сессиясы 2022-жылдын 03-ноябрында болуп өттү.

Categories
Жаңылыктар, Кенеш

Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин (VII чакырылышы) кезексиз 16-сессиясы 2022-жылдын 03-ноябрында болуп, сессиянын күн тартибинде эки маселе каралды. 1.Өзбек-кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан финансылык лизинг шарттары боюнча атайын техникаларды алуу жөнүндө. 2.Кызыл-Кыя шаардык кенешинин 2006-жылдын 10-июлундагы №19/91 “Кызылкыя шаардык архитектура жана курулуш бөлүмүнүн 15.06.06-ж. №24 “Кызылкыя шаарында эки этаждуу турак жай курулуучу жер участкаларынын генералдык планын бекитип берүү” […]

Кызыл-Кыя шаарынын 124-жылдык күнүнө карата мекеме-ишканалар жана окуу жайлардын арасында спорттун: футбол, волейбол, стол тенниси жана баскетбол түрлөрү боюнча мэрдин кубогу болуп өттү.

Categories
Жаңылыктар, Мэрия

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы №1 “Инсандын руханий-адеп-ахлактын өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгына ылайык, Кызыл-Кыя шаарынын 124-жылдык күнүнө карата мекеме-ишканалар жана окуу жайлардын арасында спорттун: футбол, волейбол, стол тенниси жана баскетбол түрлөрү боюнча мэрдин кубогу болуп өттү. Бул спорттук иш-чаранын максаты сергек жашоо образын жайылтуу, өлкөнүн калкынын дене тарбия жана спорт менен машыгуусуна шарттарды […]

Кызыл-Кыя шаарынын мэри А.Маткалыков , 2-ноябрь, Маданият жана искусство ишмерлерин кесиптик майрамы — Маданият кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

Categories
Жаңылыктар, Мэрия

Кызыл-Кыя шаарынын мэри А.Маткалыков , 2-ноябрь, Маданият жана искусство ишмерлерин кесиптик майрамы — Маданият кызматкерлеринин күнү менен куттуктады. “Кадырлуу көркөм өнөр чеберлери, жалпы эле маданият өкүлдөрү! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Кыргыз Республикасынын Маданият кызматкерлеринин күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм. Маданият — бул мамлекеттин, улуттун идеологиясы, түпкү өзөгү экенин, элибиздин аң-сезими адабият менен маданияттын таасиринде калыптанмайын, […]

Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин (VII чакырылышы) кезексиз 16-сессиясы 2022-жылдын 03-ноябры бейшемби күнү саат 10:00го чакылырат. Шаардык кеңештин сессиясы шаардын мэриясынын имаратынын кичи залында өткөрүлөт.

Categories
Без рубрики, Жаңылыктар, Кенеш