Жарандардын коомдук угууларга катышуусунун маанилүүлүгү тууралуу видеоролик иштелип чыкты. Коомдук угууга катышуу менен ар бир жаран жамаатындагы көйгөлүү маселени чечүүгө салым кошо алат. Аталган видеоролик Демократияны колдоо боюнча Улуттук Фонду (NED) уюмунун колдоосунда “Эл аралык толеранттуулук үчүн” Коомдук фондунун Баткендеги Филиалынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ачык- айкындуулугу –демократиялык өнүгүүгө карай жол!” долбоорунун алкагында даярдалды. […]
Кызыл-Кыя шаардык мэриясынын жана шаардык кеңешинин расмий сайты жана жарандардын онлайн кайрылуу тиркемеси ишке кирди. Бул тууралуу маалыматты бул шилтеме аркылуу көрсөңүз болот. https://youtu.be/5294djNBmsM
2022-жылдын 12-август күнү Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Маанилүү маселелердин катарында шаарды өнүктүрүүдө кошкон салымдарын эске алып, Кызыл-Кыя шаарынын жарандарына: Аким Камаловго, Исмаилов Козубай Базарбаевичке, Сайдамат Мирзаходжаевке, Абдукадыров Абдуганы Каратаевичке «Кызыл–Кыя шаарынын Ардактуу жараны» наамын ыйгаруу боюнча токтом кабыл алынды. Аталган токтом шаардык кенештин укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, коомдук уюмдар, үрп адат, религия […]
2022-жылдын 1-августунда Кызыл-Кыя шаарындагы «Ыйман» комплексинин базасында жайгашкан диагностикалык борборго Кувейт Республикасынын кайрымдуулук фонду тарабынан 7млн сомдук заманбап үлгүдөгү медициналык жабдыктар тапшырылды. Жаӊы медициналык жабдыктар Кызыл-Кыя шаарынын тургундарынын жана коӊшулаш райондордон келген бейтаптардын анализдерин тез жана так чыгарууга, диагноздорду так аныктоого шарт түзөт. Бул иш-чарага Кызыл-Кыя шаарынын мэри А.Маткалыков, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, Кыргыз […]
2022-жылдын 26-апрелинде Кызыл-Кыя шаарынын мэри А.Маткалыков, шаардык кенештин төрагасы Ж.Калматов жана тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда. Жолугушуунун максаты жашоочулардын көйгөйлөрүн жеринде угуп тиешелүү жетекчилерге тапшырма берүү. Жыйынга катышкандар өздөрүнүн көчөсүндөгү көйгөйлүү маселелер боюнча суроолорду берип, тиешелүү жетекчилерден суроолоруна жооп алышты. Кызыл-Кыя шаарынын мэри А.Маткалыковдун жана шаардык тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин шаар тургундары менен боло турган жолугушуулары мындан […]
Кызыл-кыя шаарынын мэриясы
ТЕЛЕФОН + (9963657) 36170 + (9963657) 36174 + (9963657) 36027 ДАРЕГИБИЗ Баткен облусу, Кызыл-Кыя (Кызыл-Кия) шаары, Масалиева көчөсү, 60
Кызыл-Кыя шаарында коомдук тамактануучу жайдан өрт чыкты.
Кызыл-Кыя шаарында алтын буюмдарды уурдаган деген шек менен Талас районунун тургуну кармалды.
История образования города Кызыл-Кия
Город Кызыл-Кыя находится в Баткенской области. Поселение Кызыл-Кыя было образовано в 1898 году, в 1938 году Кызыл-Кые присвоен статус города. Название города в переводе с кыргызского языка означает «красная тропа». Прямо на территории современного города Кызыл–Кии ленинградский археолог Юрий Заднепровский обследовал четверть столетия назад средневековое поселение рудокопов которые добывали бурый уголь в IX — XII […]