20-сессияга сунушталган кун тартип Долбоор Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин (VII чакырылышы) кезектеги XXI сессиясына сунушталган КҮН ТАРТИБИ 2023–жылдын 28– февралы 1. Кызыл–Кыя шаарынын 2022-жыл ичинде социалдык–экономикалык жактан өнүктүрүү багытында аткарылган иштер боюнча Кызыл-Кыя шаарынын мэри А.Маткалыковдун отчету жөнүндө Кызыл-Кыя шаарынын мэри А.Маткалыков 2. Кызыл–Кыя шаарынын 2021–жылдагы жергиликтүү бюджетинин киреше жана […]
74 курагында Кызыл-Кыя шаарынын мурдагы биринчи вице-мэри Цой Ф.И. дүйнѳдѳн кайтыш болду Цой Флорида Ирьевна 1949- жылдын 15-январында Казак ССРнин Семипалатинск областында туулган. Кызыл-Кыя шаарынын №3 орто мектебин аяктагандан кийин 1969-жылы Боровичи шаарындагы техникумун бүтүргѳн. 1995-жылы Москва шаарындагы инженердик-курулуш институтун инженер-экономист адистиги боюнча аяктаган. Эмгек жолун 1969-жылы Кызыл-Кыя шаарынын курулуш-материалдар комбинатында мастер, технолог, ПТОнун начальниги […]
2022-жылдын 9-декабырында №2 Кыргызтандагы 50-жылдыгы атындагы орто мектебинде, №4 А.С.Пушкин атындагы орто мектебинде, №9 У.Гулматов атындагы орто мектебинде жана Караван айылындагы №10 А.Гайдар атындагы орто мектептеринде жаш өспүрүмдөрдун арасында кылмыштуулуктун алдын алуу жана болтурбоо максатында түшүндүрүү иштери болуп өттү. Түшүндүрүү иштеринин жүрүшүндө балдар укук коргоочулардан кылмыштуулукка байланышкан суроолоруна жооп алышты. Белгилей кетсек түшүндүрүү иштери баардык […]
Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы тарабынан шаар тургундарын кыш мезгилине арзан баада көмүр менен камсыз кылуу максатында, бир кап көмүр 250 сомдон сатып алууга шарт түзүлдү. Дареги: Чехова №3 ДМС гараж, болжол №6 «Алтын балалык» бала бакчасынын бет маңдайы.
2022-жылдын «5-декабыры Ыктыярчылар (волонтер) күнүнө» карата Кызыл-Кыя шаарынын мэри А.Маткалыков шаарыбыздын ыктыярчылар коомдорунун мүчөлөрүнө Кызыл-Кыя шаарынын аймагында өткөрүлүп жаткан коомдук иш-чараларга активдүү катышып, элибизге ак-ниеттүүлүк менен кызмат көрсөтүп , шаарыбыздын социалдык-маданий жактан өсүп-өнүгүүсүнө кошкон салымдары үчүн ыраазычылык билдирдип, мэриянын ыраазычылык баракчасын тапшырды.
2022-жылдын «3-декабрь – ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин эл аралык күнүнө» карата Кызыл-Кыя шаарынын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарына жер-жерлерде сый тамак , оюн зоок жана концерттик программалар уюштурулду. Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ж.Исаков жана шаарыбыздын мэри А.Маткалыков катышышты. «Луч солнца» коомдук фондунун жетекчиси С.Халбаева тарабынаан 40 ден […]
2022-жылдын 3-декабрында Кызыл-Кыя шаарындагы №6 Токтогул Сатылганов атындагы орто мектебинде өспүрүм балдар, кыздар арасында спорттун тогуз коргоол, шахмат, шашки түрлөрү боюнча спартакиада болуп өттү. Бул спорттук иш-чара Кызыл-Кыя шаардык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт сектору, Кызыл-Кыя шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан уюштурулду. Спартакиаданын максаты сергек жашоо образын жайылтуу, окуучулар арасында […]
2022-жылдын 2-декабрында «Айсулуу» ресторанында «3-декабрь – ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин эл аралык күнүнө» карата Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы, Кызыл-Кыя шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын кызматкерлери жана «Айсулуу» ресторанынын эмгек жамааты менен биргеликте жүз алтымыш адамга арналган сый тамак уюштурулуп, 100 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга акчалай жардам көрсөтүлдү. Иш-чарага Кызыл-Кыя шаарынын мэри А.Маткалыков катышып, […]