74 курагында Кызыл-Кыя шаарынын мурдагы биринчи вице-мэри Цой Ф.И. дүйнѳдѳн кайтыш болду

Categories
Жаңылыктар, Кенеш, Мэрия

74 курагында Кызыл-Кыя шаарынын мурдагы биринчи вице-мэри Цой Ф.И. дүйнѳдѳн кайтыш болду Цой Флорида Ирьевна 1949- жылдын 15-январында Казак ССРнин Семипалатинск областында туулган. Кызыл-Кыя шаарынын №3 орто мектебин аяктагандан кийин 1969-жылы Боровичи шаарындагы техникумун бүтүргѳн. 1995-жылы Москва шаарындагы инженердик-курулуш институтун инженер-экономист адистиги боюнча аяктаган. Эмгек жолун 1969-жылы Кызыл-Кыя шаарынын курулуш-материалдар комбинатында мастер, технолог, ПТОнун начальниги […]

Жаш өспүрүмдөрдун арасында кылмыштуулуктун алдын алуу жана болтурбоо максатында түшүндүрүү иштери болуп өттү.

Categories
Жаңылыктар, Мэрия

2022-жылдын 9-декабырында №2 Кыргызтандагы 50-жылдыгы атындагы орто мектебинде, №4 А.С.Пушкин атындагы орто мектебинде, №9 У.Гулматов атындагы орто мектебинде жана Караван айылындагы №10 А.Гайдар атындагы орто мектептеринде жаш өспүрүмдөрдун арасында кылмыштуулуктун алдын алуу жана болтурбоо максатында түшүндүрүү иштери болуп өттү. Түшүндүрүү иштеринин жүрүшүндө балдар укук коргоочулардан кылмыштуулукка байланышкан суроолоруна жооп алышты. Белгилей кетсек түшүндүрүү иштери баардык […]

Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы тарабынан шаар тургундарын кыш мезгилине арзан баада көмүр менен камсыз кылууда

Categories
Жаңылыктар, Мэрия

Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы тарабынан шаар тургундарын кыш мезгилине арзан баада көмүр менен камсыз кылуу максатында, бир кап көмүр 250 сомдон сатып алууга шарт түзүлдү. Дареги: Чехова №3 ДМС гараж, болжол №6 «Алтын балалык» бала бакчасынын бет маңдайы.

2022-жылдын «5-декабыры Ыктыярчылар (волонтер) күнүнө» карата

Categories
Жаңылыктар, Мэрия

2022-жылдын «5-декабыры Ыктыярчылар (волонтер) күнүнө» карата Кызыл-Кыя шаарынын мэри А.Маткалыков шаарыбыздын ыктыярчылар коомдорунун мүчөлөрүнө Кызыл-Кыя шаарынын аймагында өткөрүлүп жаткан коомдук иш-чараларга активдүү катышып, элибизге ак-ниеттүүлүк менен кызмат көрсөтүп , шаарыбыздын социалдык-маданий жактан өсүп-өнүгүүсүнө кошкон салымдары үчүн ыраазычылык билдирдип, мэриянын ыраазычылык баракчасын тапшырды.

2022-жылдын «3-декабрь – ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин эл аралык күнүнө» карата Кызыл-Кыя шаарынын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарына жер-жерлерде сый тамак , оюн зоок жана концерттик программалар уюштурулду.

Categories
Жаңылыктар, Мэрия

2022-жылдын «3-декабрь – ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин эл аралык күнүнө» карата Кызыл-Кыя шаарынын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарына жер-жерлерде сый тамак , оюн зоок жана концерттик программалар уюштурулду. Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ж.Исаков жана шаарыбыздын мэри А.Маткалыков катышышты. «Луч солнца» коомдук фондунун жетекчиси С.Халбаева тарабынаан 40 ден […]

2022-жылдын 3-декабрында Кызыл-Кыя шаарындагы №6 Токтогул Сатылганов атындагы орто мектебинде өспүрүм балдар, кыздар арасында спорттун тогуз коргоол, шахмат, шашки түрлөрү боюнча спартакиада болуп өттү

Categories
Жаңылыктар, Мэрия

2022-жылдын 3-декабрында Кызыл-Кыя шаарындагы №6 Токтогул Сатылганов атындагы орто мектебинде өспүрүм балдар, кыздар арасында спорттун тогуз коргоол, шахмат, шашки түрлөрү боюнча спартакиада болуп өттү. Бул спорттук иш-чара Кызыл-Кыя шаардык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт сектору, Кызыл-Кыя шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан уюштурулду. Спартакиаданын максаты сергек жашоо образын жайылтуу, окуучулар арасында […]

Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы тарабынан «3-декабрь эл аралык ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын» күнүнө карата жергиликтүү бюджеттин эсебинен 100 мин сом акча каражаты бөлүнүп берилди.

Categories
Жаңылыктар, Мэрия

2022-жылдын 2-декабрында «Айсулуу» ресторанында «3-декабрь – ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин эл аралык күнүнө» карата Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы, Кызыл-Кыя шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын кызматкерлери жана «Айсулуу» ресторанынын эмгек жамааты менен биргеликте жүз алтымыш адамга арналган сый тамак уюштурулуп, 100 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга акчалай жардам көрсөтүлдү. Иш-чарага Кызыл-Кыя шаарынын мэри А.Маткалыков катышып, […]

2022-жылдын 18-ноябрында Кызыл-Кыя шаарында 2022-2023-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында шаарыбыздын аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнө акчалай материалдык жардам берилди.

Categories
Жаңылыктар, Мэрия

2022-жылдын 18-ноябрында Кызыл-Кыя шаарында 2022-2023-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында шаарыбыздын аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнө акчалай материалдык жардам берилди. Бул иш-чара шаарыбыздын аймагындагы жалгыз бой, жардамга муктаж, жакыр жашаган жана майып жарандарга ар тараптуу жардамдарды, колдоолорду көрсөтүү, кышка даярдык көрүүгө жардам кылуу максатында уюштурулду. Үй жана квартал комитеттеринин сунуштоолорунун негизинде шаардык эмгек социалдык камсыздоо жана […]

Кызыл-Кыя шаарындагы базар ичинде жайгашкан ашканалар текшерүүгө алынды.

Categories
Жаңылыктар, Мэрия

Кызыл-Кыя шаарындагы базар ичинде жайгашкан  ашканалар текшерүүгө алынды. Шаардын вице-мэри М.Айтматов жетектеген комиссия тобу бүгүн эрте менен базар жайындагы коомдук тамактануучу жайлардын абалын текшерип, ведомстволор тарабынан эскертүүлөр берилип, акт түзүлдү. Жергиликтүү бийликтин өкүлү мындан ары күн сайын коомдук тамактануучу жайлардагы санитардык эрежелер көзөмөлгө алынаарын маалымдашты. Кызыл-Кыя шаарынын вице-мэри М.Айтматов баш болгон экология, архитектура, ОКБнун башчысы […]

7-8-ноябрь Кыргыз Республикасынын “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү» күнүнө карата иш-чара болуп өттү.

Categories
Жаңылыктар, Мэрия

7-8-ноябрь Кыргыз Республикасынын “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү» күнүнө карата иш-чара болуп өттү. Ал иш-чарага Кызыл-Кыя шаарынын мэри А.Маткалыков, шаардык кеңешинин төрагасы Ж.Калматов, Кызыл-Кыя шаарындагы мекеме-ишканалардын жана окуу жайлардын жетекчилери катышышты, Иш-чарада Кызыл-Кыя шаарынын мэри А.Маткалыков сөз сүйлөп, ата-бабаларды эскерип, куран окутулду. Иш-чара гүл чамбар коюу менен жыйынтыкталды.