Кызыл-Кыя шаары өзүнүн официалдуу тарыхын 1898 жылдан баштап келет, алгачкылардан болуп кыргыз малчылары Ишме-Булак капчыгайынан ташкөмүр кен катмарларын ачышкан, натыйжада Кыргызстандын түштүгүндөгү көмүр казып алуу борбору болуп калган.
Азыркы тапта Кызыл-Кыя шаары – бул Баткен областынын зор мааниге ээ чарбачылык, өнөр жай-транспорттук борбору болуп эсептелет.
Инвестициялык климаттын ылайыктуулугу шаардын өнөр жай жана социалдык инфраструктурасын, жогорку деӊгеелде даярдыгы бар жумушчуларды жана бай жаратылыш ресурстарын колдонууга жеӊилдиктерди түзөт.
Кызыл-Кыя шаары Баткен областынын түндүк-чыгыш бөлүгүндө Ош-Сулюкта жана Ош-Фергана автотрассаларынын кесилишинде жайгашкан.
Кызыл-Кыя шаары деӊиздин деӊгээлинен 1058 м. бийиктикте орун алган. Кыш мезгили көпкө созулбайт, салыштырмалуу жылуу. Жаз жана күз соӊку он жылдын ичинде жаан чачындуу. Жай мезгили ысык жана кагыраган.
Кызыл-Кыя шаарынын жалпы аянты 5300 гектарды түзөт. Айыл чарба аянттары 2188 га, анын ичинен суулуу жерлер 1737 га, кайрак жерлер 451 га, ошондой эле жараандардын жеке үйлөрүнүн жер үлүштөрү 490 га. Кылкандуу дан эгиндерин, жашылча, мөмө жемиштерди, бахча жана май өсүмдүктөрүн өстүрүүгө болот.
Соӊку республиканын каттоонун маалыматтары боюнча, шаардын элинин жалпы саны 56819 адам же областын калкынын 11,3% жана өлкөнүн калкынын 0,9% түзөт.
Шаардыктар 42564 миӊ адам, айылдыктар 14255 адам. Жумушчулардын саны 19 миӊ адамдан ашык.
Өнөр жай ишканалары – 16
Курулуш уюмдары -3
Транспорттук уюмдар – 3
Кичи ишканалар – 184
Алар иштеп чыгуучу өнөр жай продукциясы – 500-600 млн.сом жыл сайын
Байланыш жана коммуналдык чарба ишканалар – 5
Дыйкан чарбалар – 960
Айыл чарба продукциясынын көлөмү – 250-300 млн. сом
Коомдук фонддор жана ӨЭУ – 7
Банктар жана башка финансылык институттар – 22
Чарба субъектилерин жыл сайын кредиттөө – 500 млн. сомго чейин
Шаардын негизги шаар түзүүчү ишканалары
«Темир-Бетон» АКу – товардык бетон, темир-бетон буюмдары, эритме, щебень, кум.
«Манас» АКу – жол курулушу.
“Кант ТШП” – шифер ɵндʏрʏʏ.
“Жинжиген” ЖЧК – бетон, щебень.
“КМ Азия” ЖЧК – кирпичь, гипс .
«Кызыл-Кыя ТФЗ» АКу ферментацияланган тамеки.
«Агропласт» айыл чарба кооперативи айыл чарба продукциясын кайра иштетип чыгаруу.
«НАН» АКу ар түрдүү нандар, булкалар.
«Кристалл» АКу айыл чарба продукциясын кайра иштетип чыгаруу.
“Ширин Сулайман” ЖЧК кондитердик азыктар.
«Кызыл-Кыя машина куруу заводу» АКу араа цептери, уй чарбасында керектелүүчү буюмдарды жасоо.
“Ферром плюсь” ЖЧК арматура ɵндʏрʏʏ.
«Динамо» тигүү фабрикасы тигилген буюмдар.
“Глобал гармент” ЖЧК трикотаж кийимдери.
«Агропласт» айыл чарба кооперативи жашылча жемиш продукциясы.
“Глобал гармент” ЖЧК трикотаж кийимдер.
Кызыл-Кыя шаары областтык деңгээлдеги инфраструктурасы өнүккөн шаарлардын катарына кирет (электроэнергия, телекоммуникация, борборлошкон суу жабдуулары жана канализация, борбордук жылуулук менен камсыз кылуу), маданият объектилери, өндүрүштүк күчтүн жайгашуусу, элдин жайгашуусу.
Кызыл-Кыя шаары Өзбекистан, Таджикистан, Казахстан, Россия өлкөлөрү менен автотрассалар жана темир жолдор аркылуу байланышат.
Шаарда «ПАТП» АКу жана «Сапар» АКу атайын жүк жана жүргүнчүлөрдү ташуучу ишканалары бар. Андан башка жүк жана жүргүнчүлөрдү ташуучу 9 жеке фирмалар элге кызмат көрсөтүүдө.
Кызыл-Кыя-Кувасай темир жолу шаарда дайыма иштөөдө жана ал аркылуу өтүүчү чарбачылык жүктөрү тоскоолсуз шаар аркылуу «Кызыл-Кыя көмүр» АКна чейин барат.
Темир жол станциясынын жүктөрдү кайрадан иштеп чыгуу жөндөмдүүлүгү күн сайын 50 вагон, жүктү жүктөө-түшүрүү иштери үчүн бийик ачык платформа жана контейнерлерди жүктөп-түшүрүүчү атайын техника бар.
Өнүккөн транспорттук инфраструктура түштүк аймагынын башка шаарларынан Кызыл-Кыяны айырмалантат
Жолдордун узундугу – 187,940 км.
Анын ичинен:
– асфальт менен төшөлгөнү – 106,684 км.
– шагал менен төшөлгөнү – 81,256 км.
көпүрөлөрдүн саны – 12.
көчөлөрдүн саны – 68.
аянттар, скверлер жана парктар – 1/2/1.
Шаардын аба чубалгыларынын узундугу:
– 6кВ 129,8 км.
– ВЛ 04 кВ 239 км.
– кабельдик чубалгылар-6 кВ-40 км., 04 кВ-50 км. 90 км.
– трансформатордук подстанциял. 240
Трансформатордук подстанциялардын кубаттулугу бир гана Кызыл-Кыя шаары эмес, жакын турган аймактарды электроэнергия менен камсыз кыла алат.
Кызыл-Кыя шаарынын суу жабдуу системасын 2 негизги булактар түзөт:
– Кулуштан жана Так-Тек участкаларындагы терен жайгашкан суулу скважиналар – 11.
– Исфайрам-Сай дарыясындагы суу тосмолору – 1 объект.
Бөлүштүрүүчү системасы 326,4 км. узундугу бар магистралдык суу куурларынан турат.
Сырткынды суу чыгаруучу куурларынын узундугу – 22 км.
Газ түтүктөрүнүн жалпы узундугу – 15344 п/м.
Абоненттердин саны – 1185 кожолук.
Калктын камсыз болушу – 30%.
Берилген газдын көлөмү – 6000 м3 чейин.
Кызыл-Кыя шаарыны Ош ТЭЦтин «ЭС» ААКму жылуулук менен камсыздайт.
Магистралдык жылуулук түтүктөрүнүн узундугу – 7766 п/м.
Кварталдык жылуулук түтүктөрүнүн узундугу – 7560 п/м.
Калктын камсыз болушу – 75%, 1105 кв.