Coat_of_arms_of_Kyzyl-Kiya-1 (1)

2021-жылдын отчёту

Кызыл-Кыя шаарынын 2021-жыл ичинде экономикалык жактан өнүктүрүү багытында аткарылган иштер боюнча справка

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-июнундагы №47 “2022-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү болжолу” жөнүндө токтомун аткарууга алуу менен, Кызыл-Кыя шаардык мэриясы тарабынан 2021-жылдын январь-декабрь айларында бир катар уюштуруучулук жана практикалык иштер аткарылып, айрым тармактарда урунттуу өсүүлөр байкалып, кээ бир тармактарда стабилдүүлүк сакталды.

2021-жылдын 12 ай ичинде шаардын бардык өнөр жай ишканалары, кичи жана орто бизнестин субъектилери экономикалык стабилдүүлүктү сактоо, социалдык инфраструктураны өнүктүрүү, макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү жогорулатуу боюнча иш-чараларды аткарып алгылыктуу көрсөткүчтөргө жетишти. (экономикалык кѳрсѳткүчтѳр тиркелет).

 

ӨНӨР ЖАЙ ТАРМАГЫ  

Шаарыбыздын өнөр жай тармагын өнүктүрүүдө былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу, өнөр-жай продукциясынын көлөмү 2020-жылдын 12 айына  карата 533,4 млн. сомдук продукция өндүрүлгөн болсо, ал эми 2021-жылдын 12 айына карата 565,0 млн. сомдук продукция ѳндүрүлүп, өсүү темпи 105,9 % түздү. 31,6 млн сомго ɵткɵн жылга салыштырмалуу ашыкча продукция ɵндʏрʏлгɵн.

Отчёттук мезгилде Кызыл-Кыя шаарынын аймагындагы негизги 16 өнөр жай ишканаларынын ичинен 10 ишкана 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу  өсүүнү камсыз кылуу менен шаардын өнөр жай тармагын өнүктүрүүгө өткөн жылкы көрсөткүчтөн ашыкча продукция өндүрүшүп өз салымдарын кошушту.

Алар:

  • “Темир Бетон”АК (2950,1 мин сом; 126,1% );  
  • “Машзавод” АК (11,42,9 мин сом; 116,8%);
  • “Ширин Сулайман” ЖЧК (1832,3 мин сом; 112,5%);
  • “Кристалл” ЖЧК (6773,6 мин сом; 188,9%);
  • “КМ Азия” ЖЧК (5290,4 мин сом; 110,4%);
  • “Ферром-Плюс” ЖЧК (13432,1 мин сом; 162,2%);
  • “Жин-Жиген” ЖЧК (24610,2 мин сом; 190,7%);
  • “Тазалык” МИ (8476,4 мин сом; 125,0%).

Экспорттун көлөмү  2021-жыл ичинде ɵндʏрʏлгɵн товардын экспорттолгон кɵлɵмʏ тɵмɵнкʏчɵ:

 — нарк түрүндө – “Глобал гармент” ЖЧК тарабынан 184,0 млн сомдук товар экспорттолгон;  

— “Агропласт” СПК тарабынан  11,1 млн сомдук товар экспорттолгон;   

 — салмак түрүндө – “Глобал гармент” ЖЧК тарабынан 549151 даана трикотаж кийимдери экспрттолгон;

— “Агропласт” СПК тарабынан  462 тн продукция экспорттолгон.

Чекене сооданын  көлөмү% 2020-жылдын 12 айына карата 5,5 млрд. сом болсо, 2021-жылдын 12 айына карата 6,8 млрд. сомду түзүп, өсүү темпи 122,6 % түздү.    

Төлөнүүчү кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө 2020-жылдын 12 айына карата 6,5 млрд. сомго аткрылса, 2021-жылдын 12 айына карата 7,8 млрд. сомго аткарылып, өсүү темпи 120,2 % түздү.  

Капиталдык салымдардын көлөмү  2020-жылдын 12 айына карата 430,2 млн сомго аткарылса, 2021-жылдын  12 айына карата 707,2 млн сомду түздү. Өткөн жылдын мезгилине салыштырмалуу өсүү темпи 164,4% түздү.

Турак жай  2020-жылдын 12 айына карата 6583 кв метр жеке турак-жайлары курулуп, ал эми 2021-жылдын 12 айына карата 8859 кв. метр жеке турак-жайлары курулду. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү темпи 134,6% түздү.

Жүк ташуу: 2020-жылдын 12 айына карата 251,5 мин тонна жүк ташылса, 2021-жылдын 12 айына карата 254,5 мин тонна жүк ташылып, 101,2 % түздү. Ал эми жүргүнчүлөрдү ташуу көсөткүчү 22750,8 мин пас/км жетип, 101,2 % аткарылды.

Тейлөө рыногу

2021-жылдын 12 айына карата чарба жүргүзүүчү субъектилер тарабынан көрсөтүлгөн рыноктук тейлөөлөрдү жүгүртүүнүн көлөмү (коомдук тамактанууну кошкондо) 7,8 млрд. сомду түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 120,2% аткарылды.

Керектөө рыногу

Соода, автомобилдерди, мотор майларын дүң соодасы, турмуш тиричилик буюмдарынын жана жеке керектелүүчү буюмдарды оңдоонун жүгүртүүсү үстүбүздөгү жыл ичинде 6,2 млрд сомду түзүп, 123,4 пайызга аткарылган.  

САЛЫК ТОПТОО

2021-жылдын 12 айына карата план 198,2 млн сом берилген болсо, факт боюнча 213,6 млн сом жыйналып, 107,8% түздү, өсүү темпи өткөн жылдын ушул мезгилине  салышырмалуу 116,9 % түздү.   

Социалдык төлөмдөр боюнча 2021-жылдын 12 айына карата план 228,4 млн сом берилген болсо факт боюнча 232,8 млн сом жыйналып, 101,9% аткарылган. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү темпи 129,3 %түздү.   

Республикалык бюджеттин аткарылышы боюнча 2021-жылдын 12 айына карата план 86,2 млн сом берилип, факт 86,2 млн сом жыйналып, 100 % аткарылды. ϴсʏʏ темпи 114,0% тʏздʏ.  

Жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча 2021-жылдын 12 айына карата план 112,0 млн сом берилген болсо,  факт боюнча 127,4 млн сом салык жыйналып, 113,7 % аткарылды. ϴсʏʏ темпи 118,9% тʏздʏ.  

Жергиликтүү  бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы:

Кызыл-Кыя шаары боюнча киреше бюджеттин планы 140,2 млн сомго бекитилип, факт түрүндө 157,4 млн сом жыйналып, 112,3% аткарылган. 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу  28,9 млн сомго кɵп жыйналган. өсүү темпи 122,6% түздү. (маалымат тиркелет).

Кызыл-Кыя шаарынын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн планы 146,4 млн сом бекитилип, факт боюнча 140,7 млн сомду түзүп, 96,2% түздү.

ИНВЕСТИЦИЯ ТАРТУУ

Мэрия шаардын инфраструктурасын ѳнүктүрүүдѳ инвестицияларды тартуу маселесине ѳзгѳчѳ кѳңүл буруп келет. 2021-жылдын 12 айына карата мамлекеттик жана түз чет элдик инветсицияларды тартуу менен Кызыл-Кыя шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн жана социалдык инфраструктурасын жогорулатуу максатында 1697,7 млн. сомдук инвестиция тартылган.

Кызыл-Кыя шаарынын Машзавод жаңы конушунун социалдык инфраструкктурасын жакшыртуу, жашоочуларга шарт тʏзʏʏ максатында    инвестиция тартуу аркылуу капиталдык салымы 15,0 млн сом акча каражаты каржыланып комплекс курулууда. Аталган комплексте:

— жашоочулардын ден соолугун камсыздоо ʏчʏн ФАП;

— балдардын мектепке чейинки билим алуусун камсыздоо ʏчʏн балдар бакчасы;

— соода тʏйʏнʏ;

— жашоочулардын коопсуздугун камсыздоо ʏчʏн милиция бɵлʏмʏ;   

— мечит курулуштары башталып, бʏгʏнкʏ кʏндɵ аталган объектердин дубалдары урулуп жатат. 

         АБР программасы аркылуу Кызыл-Кыя шаарындагы Тоокен колледжинин жатаканасынын имаратын капиталдык ондоо долбоору ишке ашырылууда. Жалпы долбоордун каржылануучу суммасы 12,0 млн сом.  

ЖАНЫ ИШКАНАЛАРДЫ АЧУУ

КР Ɵкмѳтүнүн тапшырмасына ылайык 2021-жылга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын колдоосу менен жеке ишкерлер аркылуу жаны ишканаларды ачуу боюнча 8 ишкана пландаштырылган. Алардын 4 ѳндүрүш тармагында, ал эми 3 тейлѳѳ, 1 кызмат көрсөтүү тармагында.  Жаныдан ачыган объекттердин кпиталдык салымы 82,5 млн сомду тʏзʏп, 155 жаны жумуш орундары тʏзʏлдʏ. 

Жыл ичинде ачылып, ишке киргизилгени: 

Кызыл-Кыя шаарынын Разъезд участогунда учурдагы заманбап талаптарга жооп берген “Мал союучу цехи” (убойный цех) курулуп, 2021-жылдын март айынан пайдаланууга берилди. Капиталдык салымы 10,0 млн сомду тʏзʏп, 10 жаны жумуш оруну тʏзʏлдʏ.   

Кызыл-Кыя шаарынын Ак-Булак айылында жеке ишкер тарабынан учурдагы заманбап талаптарга жооп берген “Кызыл-Кыя Кыргыз Эт” мал союучу жайы (убойный цех) курулуп, пайдаланууга берилди. Капиталдык салымы 10,0 млн сомду тʏзʏп, 10 жаны жумуш оруну тʏзʏлдʏ.   

Кызыл-Кыя шаарындагы 1-кичи районунда жеке ишкер тарабынан КРϴ тарабынан региондорду ɵнʏктʏрʏʏ багытында бɵлʏнʏп берилген женилдетилген насыя эсебинен жана ɵздʏк каражаттарынын эсебинен жалпы капиталдык салымы 35,0 млн сомду тʏзгɵн,  “Гинекос” медициналык борбору курулуп, 2021-жылдын апрель айынан пайдаланууга берилди.     

Ошондой эле, Кызыл-Кыя шаарынын Ак-Булак айылына инвестиция тартуу аркылуу, “Ассалям” кайрымдуулук фонду аркылуу 4,0 млн сомдук капиталдык салымы менен “Тигʏʏ цехи” курулуп, пайдаланууга берилди. 20 жаны жумуш орундары тʏзʏлдʏ. 

Кызыл-Кыя шаарынын Асаналиев ɵчɵсʏндɵ жеке ишкер тарабынан “Тигʏʏ цехи” курулуп пайдаланууга берилди. Капиталдык салымы 10,0 млн сомду тʏзʏп, 40 жаңы жумуш орундары тʏзʏлдʏ.

“Агропласт” СПК ишканасынын базасында “Нан азыктарын ɵндʏрʏʏ” цехи ачылып, пайдаланууга берилди. Капиталдык салымы 3,0 млн сомду тʏзʏп, жан 10 жумуш оруну тʏзʏлдʏ.

КУРУЛУШ ТАРМАГЫ

Автомобилдик жолдорду реабилитациялоо

Муниципалдык менчик департаменти тарабынан кварталдык комитеттердин жана жарандардын арыздарынын негизинде, жалпысынан 2796,0 м3 тоо шагылы ташылып келинип тɵшɵлʏп берилди.

Андан сырткары ММДнин атайын техникалары менен Стахановская көчөсүндө 480 метр аралыкта арыктар тазаланды, Техникумская көчөсүндө 108 м3 арыктар тазаланды. Восток 2-1 жаны конушунда 560 метр аралыкта жаны жолдор салынды.

Жол коопсуздуктарын сактоо максатында 21 даана жол белгилери орнотулду. 48 метр жасалма тоскоолдуктар жолго орнотулду. 

2021-жылы Кызыл-Кыя шаарынын ички автомобиль жолдорун асфальттоо жумуштары боюнча жергиликтʏʏ бюджет эсебинен, ошондой эле, инвестиция тартуу аркылуу шаардын ички автомобиль жолдорун асфальттоо жумуштары аткарылды.

Атап айтканда:  

Инвестиция тартуу аркылуу Кызыл-Кыя шаарынын Жусубалиев кɵчɵсʏнʏн 6 км чакырымын ʏлгʏржʏ асфальттоо иштери жасалды, жалпы капиталдык салымы  48 млн сомду тʏздʏ.

Кызыл-Кыя шаарынын 60 лет Киргизии кɵчɵсʏн асфальттоо жумуштарына жергиликтʏʏ бюджет эсебинен 8,5 млн сом акча каражаты бɵлʏнʏп, асфальттоо жумуштары аткарылды.    

 

АЙЫЛ ЧАРБА ТАРМАГЫ

Мал чарба продукциясынын негизги өндүрүш көрсөткүчтөрүнүн өсүү ыргагы сакталууда:

Эт өндүрүү — 2020-жылдын 12 ай ичинде 794,5 тн өндүрүлсɵ, 2021-жылдын 12 ай ичинде 795,3 тн эт өндүрүлүп,  100,1 % аткарылган.

Сүттү өндүрүү — 2020-жылдын 12 ай ичинде 2514 тн өндүрүлүп, 2021-жылдын 12 ай ичинде 2515,7 тн сʏт өндүрүлүп 100,1 % аткарылган.

Жумуртка өндүрүү — 2020-жылы 12 ай ичинде 1938,5 мин даана өндүрүлүп, 2021-жылдын 12 ай ичинде 1938,7 мин даана өндүрүлүп, 100 % аткарылган.

2021-жылдын тʏшʏмʏ ʏчʏн айыл–чарба эгиндерин эгʏʏ

жана оруп жыйноо жумуштары  

«Караван» АБ жалпысынан 2014 га айдоо жер бар, ГСУ – 40 га, №8 лицейдин – 72 га, элдин үлүш жерлери – 1576 га түзѳт.

 “Караван”  АБ  2021-жылга  дан эгиндери  885га,  жерге  ɵстʏрʏʏ божомолдонгон.  Мындан  116га буудай ордуна  152га себилди  же божомолдон  36 га  кɵп себилди.  Мындан 40 га  кʏздʏк   себилсе  112га  жаздык . Арпа 63 га ордуна 68 га себилди.

Түрткү берүүчү гранттардын эсебинен жана жергиликтүү бюджеттин салым кошуу аркылуу жасалуучу иш-чаралар

2021-жылга төмөнкү 6 объект куруу иштери боюнча долбоорлор Кыргыз Республикасынын финансы министрлигине сунушталды. Аталган долбоорлор Кыргыз Республикасынын министрлиги тарабынан каралып, 6 долбоор баары жактырылып, аткарууга алынды.

Атап айтканда:

Кызыл-Кыя шаарындагы “Восток 2-/1-2” жаны конушуна таза ичʏʏчʏ суу тʏтʏктɵрʏн тармактарын куруу. Дем берүүчү үлүштүк грант эсебинен  —   1,5 млн сом; жергиликтүү бюджет эсебинен – 1,3 млн. сом акча каражаты жумшалды;

Кызыл-Кыя шаарынын 15-кичи районуна машыктыруучу зал куруу. Дем берүүчү үлүштүк грант эсебинен  — 2,0 млн сом; жергиликтүү бюджет эсебинен –   1,7 млн. сом акча каражаты жумшалды;  

Кызыл-Кыя шаарынын Ленин жана Молодежная кɵчɵлɵрʏнʏн аралыгына жаны ички кварталдык жол куруу. Дем берүүчү үлүштүк грант эсебинен  — 3,0 млн. сом; жергиликтүү бюджет эсебинен –  1,2 млн. сом акча каражаты жумшалды;

Кызыл-Кыя шаарынын Молодежная кɵчɵсʏн асфальттоо. Дем берүүчү үлүштүк грант эсебинен  — 3,0 млн. сом; жергиликтүү бюджет эсебинен –  1,5 млн. сом акча каражаты жумшалды;

Кызыл-Кыя шаарына караштуу Караван айылынын У.Салиева кɵчɵсʏн асфальттоо. Дем берүүчү үлүштүк грант эсебинен – 2,7 млн. сом; жергиликтүү бюджетин эсебинен – 0,8 млн. сом акча каражаты жумшалды;

Кызыл-Кыя шаарына караштуу Ак-Булак айылынын М.Гвардия жана Механизаторская кɵчɵлɵрʏнɵ асфальт тɵшɵɵ. Дем берүүчү үлүштүк грант эсебинен – 3,0 млн. сом; жергиликтүү бюджетин эсебинен –  0,8 млн. сом акча каражаты жумшалды.

Жалпысынан ʏлʏштʏк дем берʏʏчʏ грант эсебинен 15,2 млн сом акча каражаты тартылды. Ал эми жергиликтʏʏ бюджет эсебинен 7,4 млн сом акча каражаты жумшалды.