Coat_of_arms_of_Kyzyl-Kiya-1 (1)

Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиялары

Сессиялар

 

Кызыл–Кыя шаардык кеңешинде (VII чакырылышы)

2021-2022–жылда жүргүзүлгөн иштер жөнүндө шаардык кеңештин төрагасынын  маалыматы

 Кызыл–Кыя шаардык кеңеши  өткөн 2021-2022–жылда өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 жана 2021–жылды 20–октябрындагы №123  Мыйзамына, шаардык кеңештин регламентине жана 2021-2022–жылга кабыл алынган иш  планына ылайык жүргүзүп келди.

Өзүңүздөргө белгилүү 2021–жылдын 11–апрелинде өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерине депутаттарды шайлоолор жана Кыргыз Республикасынын негизги Мыйзамы болгон Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча референдум (бүткүл элдик добуш берүү) өткөрүлдү. Кызыл–Кыя шаардык кеңешине депутаттарды шайлоого 5 саясый партиялар катышты. Алар: НДПК, Ата–Журт Кыргызстан, Ата-Журт, Ыйман-Нуру, Бир–Бол партиялары. 

Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 23 – беренесинин 3) – пунктуна ылайык биздин Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин депутаттарынын сандык курамы 31 депутат болуп бекитилген.

Шаардык кеңештин жогорку органы болуп саналган шаардык кеңештин сессияларынын ролун жогорулатуу, алардын таасирдүүлүгүн күчөтүү жана токтомдордун сапаттуу кабыл алынышын камсыз кылуу максатында сессияда каралуучу маселелер алдын ала туруктуу комиссиялардын отурумдарында каралып, ал маселелерди кароодо тиешелүү мекеме, уюм, ишканалардын жетекчилеринин жана тийиштүү адистеринин катышуусунда даярдалып, андан кийин сессиянын кароосуна сунуш кылынып келе жатат.

Ал эми сессиялардын материалдары шаардык кеңештин аппараты тарабынан толугу менен даярдалып, депутаттарга алдын ала таркатылып берилип келе жатат.

Сессиялардын ачык өтүшүн, өткөрүлгөн сессияларда каралган маселелер жөнүндө маалыматты шаар калкына жеткирүү максатында шаардык кеңештин өткөрүлгөн сессияларына жергиликтүү массалык маалымат каражаттары болгон шаардагы Мезгил жарчысы жана «ЮТС» телерадиокомпаниясынын кабарчылары, коомчулуктун жана Өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү чакырылып, алар шаардык кеңештин өткөрүлгөн сессиялары жөнүндө маалыматтарды мүмкүн болушуна элге жеткирип жатышат.

Сессиялардын жүрүшү толук протоколдоштурулуп, протокол төраганын жана шайланган секретариат мүчөлөрүнүн кол тамгалары менен тастыкталып, делого тигилип келе жатат. 

Кабыл алынган токтомдор аткаруу үчүн шаардын мэриясына, шаардык каржы бөлүмүнө, салык инспекциясына жана тийиштүү мекеме–ишканаларга жолдомо каттар аркылуу жөнөтүлүп жана журналга кол койдурулуп берилип жатат.

Отчеттук мезгил ичинде шаардык кеңештин сессиялары мыйзамга негиз кварталына бир жолу, бир жылда төрт жолу өткөрүү керек болсо, кабыл алынган регламентке ылайык айына эки жолу, бир жылда алты жолу өткөрүү пландаштырылган. Өткөн 2021–жылдын май айынан 2022-жылдын апрель айына чейин шаардык кеңеш өзүнүн 10 жолу сессияларды өткөрдү.

 Ал сессияларда ар түрдүү маанидеги маселе каралып, алардын ичинен 33 маселе боюнча шаардык кеңештин токтомдору кабыл алынган.  Сессияларга сунушталып  каралган бардык маселелер боюнча депутаттар арасында кенири талкуу жүргүзүлүп, ар бир маселе боюнча тийиштүү токтомдор кабыл алынган.   

Шаардык кеңешке мекеме-ишканалардан, уюмдардын, юридикалык жана физикалык тараптардын, жеке атуулдардын каттар, кайрылууларына жана арыздарына жооп катары, шаардык кеңештин тапшырмаларын аткаруу, маалымат берүү жана туруктуу комиссиялардын чечимдерин аткаруу боюнча 636 чыгыш каттар жөнөтүлгөн.

Шаардык кеңештин төрагасы жана шаардык кеңештин депутаттары тарабынан жарандарга  ходатайство, өтүнүч каттар жана мүнөздөмөлөр берилип келе жатат.

Шаардык кеңештин төрагасы  тарабынан өткөн 2021-2022-–жылда 96 токтом чыгарылган. Алар негизинен шаардык кеңештин сессияларын чакыруу, аз камсыз болгон жарандарга материалдык жардам көрсөтүү, ошондой эле портал боюнча жана башка жумушчу комиссияларды түзүү, ар түрдүү иш чараларга резервдик фонддон акча каражатын бөлүү,  кесиптик майрамдарга карата алдыңкы кызматкерлерди, коомдук иштерге активдүү катышкан активистерди шаардык кеңештин Ардак грамоталары менен сыйлоо жөнүндө токтомдор.  

Депутаттар тарабынан элге материалдык жардамдар көрсөтүлүп жатат,  шаардык кеңештин төрагасы тарабынан чыгарылган токтомдордун бардыгы аткарылды, депутаттар жана аппарат кызматкерлери менен биргеликте шаарды көртөндүрүүгө, шаардын тазалыгына өзгөчө көңүл бурулуп ар кандай иш-чараларга катышып өз салымдарыбызды кошуп келе жатабыз. Мындан ары дагы дагы эл, шаар үчүн бир канча планда аткарыла турган иштер бар, албетте депутаттар жана шаардын аткаруу бийлиги менен биргеликте пландагы иштер аткарылат.

 

Кызыл–Кыя шаардык кеңешинде (VII чакырылышы) 21-сессиясы 2023-жылдын 28-февралында өткөрүлөт.

 Долбоор

 

 

 Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин

(VII чакырылышы) кезектеги XXI  сессиясына сунушталган

КҮН ТАРТИБИ

 

                                                                                                          2023–жылдын  28– февралы 

 

1.

Кызыл–Кыя шаарынын 2022-жыл ичинде социалдык–экономикалык жактан өнүктүрүү багытында аткарылган иштер боюнча Кызыл-Кыя шаарынын мэри А.Маткалыковдун отчету жөнүндө

 

Кызыл-Кыя шаарынын мэри А.Маткалыков

2.

Кызыл–Кыя шаарынын 2021–жылдагы жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышын  бекитүү жөнүндө

Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясы

3.

Кызыл–Кыя шаарынын 2022–жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү  жөнүндө

 

 

Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясы

4.

Кызыл–Кыя шаарынын 2023–жылга жергиликтүү бюджетин кабыл алуу жөнүндө

 

 

Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясы

5.

Кызыл–Кыя шаарынын 2024–2025–жылдарга жергиликтүү бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө

           

 

Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясы

 

 

                                                         

 

                                                                       ИШТӨӨ ТАРТИБИ:

 

  • Күн тартибиндеги 1 – маселени алып чыгуу – 20 минутага чейин
  • Күн тартибиндеги 2 – маселени алып чыгуу – 10 минутага чейин
  • Күн тартибиндеги 3 – маселени алып чыгуу      – 10 минутага чейин
  • Күн тартибиндеги 4 – маселени алып чыгуу        – 20 минутага чейин
  • Күн тартибиндеги 4 – маселени алып чыгуу – 10 минутага чейин

 

Жарыш сөз сүйлөөчүлөргө                                –  5 минутага чейин

Суроо-жооп жана справка берүүчүлөргө         – 3 минутага чейин

 

                       

 

 

                    Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин

аппаратынын жетекчиси                                        У.Дарипова