Categories
Жаңылыктар, Мэрия
Кызыл-Кыя шаарында 2022-жылдын 8-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тарабынан бекитилген «Жашыл Мурас» жалпы Республикалык ишембилик өткөрүлдү. Бул ишембиликке шаарыбыздын баардык мекеме-ишканалардын, окуу жайлардын эмгек жамааттары жана шаар тургундары, жалпы 3500адам катышышты. Ишембиликтин алкагында суу жүрүүчү арыктар (лотоктор) тазаланып чабылды, дарактар буталды жана коомдук жайларда өскөн чөптөр орулуп, таштандылар жыйналды.
Урматтуу Кызыл-Кыя шаарынын тургундары жана коноктору, шаардын тазалыгына кам көрүү жалпыбыздын атуулдук милдетибиз. Ошондуктан Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы шаар тургундарын ишембиликтерге жигердүү катышуу менен сүйүктүү шаарыбыздын тазалыгын ирээтке келтирүүдө салым кошууга чакырат!

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *