Categories
Жаңылыктар, Мэрия
2022-жылдын 2-декабрында «Айсулуу» ресторанында «3-декабрь – ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин эл аралык күнүнө» карата Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы, Кызыл-Кыя шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын кызматкерлери жана «Айсулуу» ресторанынын эмгек жамааты менен биргеликте жүз алтымыш адамга арналган сый тамак уюштурулуп, 100 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга акчалай жардам көрсөтүлдү. Иш-чарага Кызыл-Кыя шаарынын мэри А.Маткалыков катышып, жакшы каалоо-тилектерин айтты.Бул саамалык маданият кызматкерлери тарабынан уюштурулган концерттик программа менен коштолду. Мындан сырткары
Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы тарабынан «3-декабрь эл аралык ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын» күнүнө карата жергиликтүү бюджеттин эсебинен 100 мин сом акча каражаты бөлүнүп берилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *